Курман айтка байланыштуу мектептерде окуу 4-сентябрда башталат

Кыргызстанда быйыл Курман айт 1-сентябрга туура келгендиктен бул күн дем алыш деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы атайын кат менен министрликке кайрылган.

Буга байланыштуу мектептерде «Билим күнүнө» карата салтанаттуу иш чаралар өткөрүлүп, бирок окуу 4-сентябрдан баштала турганын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.