17 адамдын өмүрүн алган басмаканадагы өрт боюнча өкүм чыкты

Былтыр 27-августтун “Печатный экспресс” басмаканасында болгон өрттөн 17 адам, анын ичинде Кыргызтандын 14 жаранынын өмүрү кыйылган. Курмандыктардын баары кыз-келиндер эле, алардын биринин боюнда болгон.

Бул боюнча Россиянын борборунун Бутурский райондук соту Басмакананын башкы директору Сергей Москвин 2,5 жылга, башкы инженери Антон Яцков 3,5 жылга колония-поселениеге эркинен ажыратты. Ошондой эле алар жаза мөөнөтүн бүткөндөн кийин коммерциялык мекемелерде жетекчилик кызматты ээлей албайт.

Маалыматка ылайык, сот өкүм чыгарууда басмакана директору күнөөсүн моюнуна алганын, өрт курмандыктарынын туугандарынын өтүнүчүн, аларга моралдык чыгым үчүн компенсация төлөнгөнүн эске алган.