Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң жогорку чекке жетти

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң жогорку чекке жетип, 19,5 миллиард куб метрди түздү. Акыркы жолу суу сактагычтагы суу мындай деңгээлге 2010-2011-жылдын күз-кыш мезгилинде көтөрүлгөн. бул тууралуу «Электр станциялар» ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай абал жай мезгилиндеги суунун көп болушу менен түшүндүрүлүүдө. Бирок аба ырайынын салкындашына байланыштуу суу азыраак келип, мындан ары суу сактагычтагы суунун көтөрүлүүсү күтүлбөйт.

«Мында коркунучтуу эч нерсе жок. Бул кадимки эле абал. Суу сактагычка суунун келиши менен катар чыгып да жатат. Суу сактагыч менен ГЭС ушундай иштөө режимине ылайыкташтырылып долбоорлонгон», — деп айтылат маалыматта.