21-августка карата аба ырайы

21-августта түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Күндүз кээ бир аймактарда жаан-чачын болот. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарын аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29°.