1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлөт

2017-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулайт. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Маалыматка ылайык, аталган документ пенсионерлердин жашоо шартын колдоо максатында кабыл алынды. 1-октябрдан тарта республикада пенсия 516 сомго көтөрүлүп, анын орточо көлөмү 5 миң 517 сомду түзөт. Жыл башында 108,6%ды түзсө, көлөмү жогорулагандан кийин 110,3% болот.

5 миң сомго чейинки пенсия көлөмү үчүн жогорулатуу 113,2% болсо, 5 миң сомдон жогоркуларга орточо 107% пайызга көтөрүлөт.