Айыл чарба министри Аскарбек ЖАНЫБЕКОВ: «Бөлүнгөн каражат өздөштүрүлбөй, мамлекетке кайтарылып жатат дегенге кошулбайм»

– Аскарбек Сапарбекович, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?

– Азык-түлүктү камсыз кыла турган негизги тогуз продукт бар. Ошонун ичинде биз өзүбүздү үч продукт менен гана камсыз кылабыз. Калгандары менен өзүбүздү камсыз кылуу максатында чет мамлекеттен үрөндөр сатылып келинип, дыйкандарга жеңилдетилген шартта 4,5 пайыз менен эки жылдык мөөнөткө берилип жатат. Өзүңүздөр көрүп тургандай ал үрөндөр абдан жакшы көрсөткүчтү көрсөтүп жатат. Ошонун аркасы менен биз өзүбүздү азыктык буудай менен камсыз кылабыз деп аракет кылып жатабыз. Өсүмдүк майын өндүрүүнү көбөйтүү боюнча соя, күнкараманын үрөндөрү да жогоруда айтылгандай шартта бөлүнүп берилип жатат. Министрликтин алдына койгон максаты жакынкы үч жыл аралыгында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу негизги тогуз продуктынын кеминде жетөөсү менен өзүбүздү камсыз кылуу. 2026-жылда өзүбүздү 85 пайыздан кем эмес камсыз кылуунун үстүндө иш алып баруудабыз.

– Агроөнөр жай тармагынын макроэкономикалык абалынын туруктуулугу жана өсүү темпи кандай?

– Агроөнөр жай тармагынын макроэкономикалык абалын туруктуу сактоо, айыл чарба азыктарын же-тиштүү түрдө өндүрүү биздин негизги максатыбыз. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл чарба продукцияларын дүң өндүрүү 92,2 млрд. сомду түздү. Бул өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 13,0 млрд. сомго өсүү камсыздалып, өсүү темпи 102,0 пайызды түздү дегенди билдирет.

Ал эми өсүмдүк өстүрүү тармагында 17,7 млрд. сомдук продукция өндүрүлсө, мал чарба тармагында алты айда 72,1 млрд. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу өсүү темпи 102,4 пайызды түздү. Ошондой эле тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай секторунда үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында 18,9 млрд. сом өндүрүлдү.

– Айыл чарбасын жакшыр-тууга бөлүнгөн жеңилдетилген каражаттар элет элине жеттиби? Каражат өздөштүрүлбөй калгандыктан, банктар мамлекетке кайтарып жатышат дешүүдө…

– Мамлекеттик жетекчиликтин демилгеси менен бөлүнгөн жеңил-детилген каражаттар республикалык бюджет тарабынан бөлүнүп, мамлекеттик жана коммерциялык банктар аркылуу биздин дыйкандарга берилип жатат. Бул каражаттар түздөн-түз айыл чарба өндүрүшүнө жана элет жеринде жашаган биздин фермер, дыйкандарыбызга бөлүнгөн. Алар учурда алып жатышат. Туура эмес башка багытка кетип калып жатат деген сөз эч бир суу кечпейт. Ал эми өздөштүрүлбөй кайра мамлекетке кайтарылып жатат дегенге мен кошулбайт элем. Бүгүнкү күндө ошол фермерлерге жеңилдетилген кредиттер долбоорлор аркылуу 4 миллиард 900 миллион сом берилип, анын ичинде 4 миллиард сому өздөштүрүлдү. 7,5 миңге жакын дыйкан кредит алды. Бүгүнкү күндө да дыйкандар документтерин даярдап алып жатышат. Мындан тышкары кластердик колдоо долбоору аркылуу каралган 10 миллиард сомдун 3 миллиард 400 миллион сому бөлүнүп, 1505 дыйканыбыз 870 миллион сом кредит алышты. Каралган каражаттар жылдын аягына чейин толугу менен бөлүнүп, өздөштүрүлөт.

– Бөлүнгөн каражат капчыктуу колбаса, чипсы чыгарган цехтерге кетти дешүүдө. Эмнеге бул цехтерди сунуштадыңыздар?

– Бөлүнгөн каражат дыйкандарга гана кетти. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы кайра иштетүүчү мекеме ала элек бул каражаттарды. Бул айтылгандар бекер сөз.

– Дыйкандардын өндүргөн продукциясын экспортко сатуу-да анын сапатын аныктоодо Министрлер Кабинети тарабынан кандай жардамдар берилет? (Сүт азыктары, жашылча-жемиштер ж.б. боюнча)

– Бүгүнкү күндө өзүбүздүн дыйкандар өндүргөн продукцияны чет өлкөлөргө чыгаруу максатында лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүш керек. Бул багытта республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүп жатат. Лабораториялар иш алып барып жатышат. Ошол эле мезгилде экспорт багытында ийгиликтүү жумуш алып баруу үчүн бизге соода-логистикалык борборлор курулуш керек. Бул багытта Россия Федерациясы, Казакстан Рес-публикасы менен дагы макулдашуулар жүрүп жатат. Биз биринчи иретте соода-логистикалык борборлорду түзүп, анан продукциябызды экспортко чыгарууга аракет кылышыбыз керек.

– Россиядан алынган үрөндүк буудайдын сапаты начардыгына дыйкандар нааразы болушууда. Бул тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Россиядан алынып келинип жаткан үрөндүк буудайлар эң жогорку сапатта, тандалып алынган. Аларды өндүргөн компаниялар дыкат изил-деп, андан кийин гана башка мамлекеттерге сунушташат. Кыргызстанга келип жаткан башка үрөндөрдүн баарынын сапаты жогору. Дыйкандар үрөндүн сапаты начардыгына нааразы болушууда дегенге мен эч кошулбайм.

Айыл чарба субъекттерин үрөндөр менен камсыздоо максатында республикалык бюджеттен 1,5 млрд. сом каралган. Бул каражатка Россия Федерациясынан жогорку репродукциядагы буудай, арпа, май өсүмдүгү, эспарцет үрөндөрү 15,0 миң тонна эсебинде алып келүү иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда 6100,0 тонна үрөн алынып келинип, дыйкандарга бөлүнүп берилди.

Мындан сырткары, Казакстан Республикасынын 1000,0 тонна буудай үрөнү гуманитардык жардам иретинде алынып келинди жана таркатылып берилди.

– Быйылкы жылда дыйкандарды жер семирткичтер менен толук камсыздоого же-тиштиңиздерби?

– Кыргызстанга жер семирткичтерди жалпысынан 17 компания алып келет. Анын ичинде ошол компания-лардын башын бириктирген минералдык жер семиткичтерди импорттоочу компания иш алып барат. Мына ошол компания бүгүнкү күндө Кыргызстандын дыйкандарына керек болгон көлөмдөгү минералдык жер семирткичтерди алып келип жатышат. Андан тышкары дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен 975,3 миллион сом каралып, ал каражат Өзбекстан Республикасына которулган. Ага 4977 тонна минералдык жер семирткичтер сатылып алынды, калган 15,0 тоннасы жакынкы күндөрү алынып келинет. Сатылып келинген жер семирткичтер Мамлекеттик материалдык резервдин кампасында сакталып турат. Ал жерден дыйкандарыбыз керектөөлөрүнө жараша алып турушат.

– Агроөнөр жай тармактарын өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берсеңиз?

– Өсүмдүк өстүрүү тармагына токтолсок, республика боюнча жалпы айдоо аянты үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата – 1278,4 миң га түздү. Жазгы талаа жумуштарында 1228,8 миң га аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү себилди. Иштетилбей калган жер аянттары 49,6 миң га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,1 миң га аянтка азайды. Жазгы талаа жумуштарына 15,0 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрү керектелсе, 13,8 миң тонна жазгы себүүгө даярдалып, үрөн менен камсыздоо 92,0 пайызга аткарылды. Калган өсүмдүктөрдүн түрлөрү боюнча үрөндөр менен толук камсыздалды. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздалып, үзгүлтүккө учураган жок.

Мал чарба тармагы боюнча алты айда эт 190,2 тонна өндүрүлдү. Сүт 800,2 миң тонна. Башкача айтканда, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,6 миң тоннага, же 1,6 пайызга көп өндүрүлдү десем жайылышпайм. Жумуртка 305,1 млн. даана өндүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,5 млн. даанага көп өндүрүлдү.

Токой чарбасы боюнча “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында токой фондусунун токой аянттарын көбөйтүү жана калыбына келтирүү максатында токой чарбаларга 2022-жылга 1130 га аянт жерге экме токойлорду отургузуу тапшырмасы берилип, иш жүзүндө 1180 га аянт жерге экме токойлор отургузулду.

– Дыйкандар сугат суунун тартыштыгын дайым айтып келишет. Суу чарба объекттерин куруу үчүн республикалык бюджеттен канча каражат бөлүнөт?

– Суу чарба объекттерин курууга республикалык бюджеттен “капиталдык салымдар” беренесинен 500,0 млн. сом каралып, анын ичинен 200,0 млн. сом бөлүнгөн жана бул каражатка 9 объектиде долбоорлоо иштери, 7 объектиде курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 2421,1 млн. сом каралып, анын ичинен 1150,0 млн. сому бөлүнүп берилген, бул каражат жаңы сугат айдоо жерлерин киргизүүгө жана айыл чарба жер аянттарын сугат суу менен камсыздоого колдонулат.

Мындан сырткары, мелиорациялык иштерди өз убагында жүргүзүү максатында ирригациялык атайын техникаларды сатып алууга республикалык бюджеттен 194,4 млн. сом каралган, азыркы учурда бул каражаттарды бөлүп берүү Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырылып жатат.

–Тез арада чечүүнү талап кылган кандай көйгөйлүү маселелер бар?

– Бүгүнкү күндөгү суроо-талап боюнча дыйкандарыбыз лизингге ала турган техникаларды жана аларды алуу үчүн каражатты көбөйтүү зарылдыгы бар. Бул багытта иш алып баруубуз керек. Ошондой эле дыйкандарыбызды үрөн менен камсыз кылышыбыз керек. Өзүбүздөгү асыл тукум мал чарбаларын жана ошондой эле үрөн чарбаларынын бардыгын заманбап техника менен камсыздап, өндүрүшүбүздү өнүктүрүшүбүз керек.

Вера БЕДЕЛБЕК

0 Поделились