БУМда мина бар деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Кечээ, 20-августта болжол менен саат 12:30 чамасында Бишкек ШИИБнын «102» күзөт бөлүмүнө белгисиз эркек киши чалып, БУМда мина коюлгандыгы тууралуу маалымат калтырган. Имаратты текшерүү учурунда эч кандай жарылуучу зат табылган эмес.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети БУМда (ЦУМ) бомба бар экенин кабарлаган “телефондук” “террорчуну” кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменини басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мааалыматка ылайык, ал 1973-жылы туулган «С.Т.» аттуу КРнын жараны болуп чыккан. Учурда кармалган шектүүгө карата бардык материалдар чогултулуп, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.