Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыктан кете турганын жарыялады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ээлеген кызматынан кетерин жарыялады. Бул тууралуу ал Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке расмий талапкер катары катталгандан кийин журналисттерге билдирди.

Эскерте кетсек, ал президенттик шайлоого КСДП партиясынын атынан бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Азырынча эки талапкер — Темир Сариев жана Өмүрбек Бабанов расмий каттоодон өттү.