Көк бөрүчүлөр Астанадагы чемпионатка катышуудан баш тартышты

Көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Астанада 21 августта башталган кокпару (көк бөрү) боюнча чемпионатка катышуудан баш тартты.

Маалыматка ылайык, уюштуруучулар көк бөрү боюнча улуттук курама командадан аттарынын арткы такаларын чечүүнү талап кылышыкан. Регламетте мындай жок болгондуктан кыргыз көк бөрүчүлөрү Монголия менен болгон оюнга чыгуудан баш тартышкан.

Уюштуручулар техникалык 7:0 эсебин менен утулуш каттап, экинчи турдан баштап, така менен ойноого руксат берген. Бирок Кыргызстан улуттук курама командасы катышуудан баш тартып, Кыргызстанга кайтып келе жатышат.

 

Көк бөрүчүлөр Астанадагы чемпионатка катышуудан баш тартышты: 1 комментарий

Комментарии запрещены.