Президент декларацияларды сактоо мөөнөтүн узартууну сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев жогорку звенодогу мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилердин декларациясын сактоо мөөнөтүн узартууну колдойт. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, учурдагы ченемдерге ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилердин декларациясы алты жылга гана сакталат жана мөөнөтү жеткен соң жок кылынат. Ал эми учурда коом чиновниктерден иштеринин ачыктыгын эле эмес, алардын киреше булактарын ачыктоону да талап кылып жаткандыгын эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев декларацияларды сактоо мөөнөтүн узартууну колдойт.

Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирген боюнча, мамлекет башчы учурда өздөрүнүн миллиондогон байлыгын жашырбаган айрым саясатчылардын кыска мөөнөттө кандайча байып кеткенине негиздүү түрдө кызыккан адамдардын демилгесин колдоого алат.