Премьер-министр отставкага кеткенин жарыялады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ээлеген кызматынан кетти. Бул тиууралуу бүгүн өткөн өкмөттүк жыйында белгилүү болду.

“Мен президенттикке көрсөтүлүп жатканыма байланыштуу кызматымдан кетип жатам. Бул кызматты ээлегенге моралдык укугум жок. Бүгүн түштөн кийин мен президент Алмазбек Атамбаевдин атына арыз жазам”, — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн БШК Жээнбековду президенттик кызматка талапкер катары каттады. Ал КСДП партиясынан президенттикке талапкер болуп саналат.

Премьер-министр кызматтан кеткенден кийин президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, көпчүлүк коалицияга жаңы өкмөттүн курамын жана түзүмүн түзүүгө мандат тапшырышы керек. Андан соң Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу чечими кабыл алынат. Жогорку кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, парламент 25-августта кезексиз жыйынга чогулушу ыктымал.

Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт.