Сафлор эгилди… Иштете турган ишкана жок…

Жыл сайын дыйкандарыбыз сугат суунун тартыштыгынан  кыйынчылыктарга туш болуп, ирригация тармагынын сугат суу менен толук камсыздай албаганына нааразылыктарын айтып келишет. Үстүбүздөгү жылдагы жаз мезгилинин жаанчыл болгону бул маселени кайсы бир деңгээлде чечкендей, бирок…

Дыйкандардын үмүтү

Кыргызстанда суу жетпеген кайрак жерлер көп. Ошол кайрак жерлерди иштетүү максатында быйыл Айыл чарба министрлиги Россия Федерациясынан сафлор өсүмдүгүнүн үрөнүн  сатып алган. Бул өсүмдүктүн жакшы жагы –  суу талап кылбаган кайрак жерлерде 120 күндө толук бышып жетилип, андан сафлор майы алынып, иштетүүдөн калган калдыктарын малга тоют катары пайдаланса болот.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтарга таянсак, бул өсүмдүктүн үрөнү республиканын бардык райондорундагы суу жетпеген кайрак жерлерге себилген. Учурда дыйкандар себилген үрөн түшүмүн берет деп ишеним артып турушат. Албетте, аталган министрлик тарабынан демилге көтөрүлүп, жаңы үрөндүн жергебизге алынып келинип, айдалып жатканы жакшы көрүнүш. Бирок сафлорду иштете турган атайын жабдыктардын бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда жоктугу тиешелүү кызмат адамдарын да, дыйкандарды да түйшөлтө турган маселе. Бизде терең ойлонулбай жасалган кадамдардан дыйкандар жабыр тарткан учурлар жок эмес. Аталган министрликтин бул үрөндү алып жатканда аны иштете турган жабдыктардын жоктугун эске албаганы өкүндүрөт. Эми дыйкандардын эмгеги текке кетпеш үчүн кандай кылуу керек деген маселе турат…

Бөлүм башчы жооп берүүдөн баш тартты

Бул маселенин чоо-жайын так билүү максатында Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда  өсүмдүктөрдү өстүрүү жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Жумалиев гана сафлор боюнча жооп бере алат деген жообун айтты. Кыргызстандын экономикасын өргө тарта турган бакыйган тармакта бир гана кызматкер бул маселе боюнча маалым болуп, жооп бере ала тургандыгы таңгалдырбай койгон жок. Бөлүм башчы Жигиталы Жумалиевге кайрылганыбызда, ал коллегияга даярданып жаткандыгына байланыштуу бошобой жаткандыгын айтып, жооп берүүдөн баш тартты. Эки күн катары менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Тилекке каршы, журналисттер зарыл болгон кайсы бир маалыматтарды алууда мекеме кызматкерлеринин бири-бирине түрткөн, кош көңүл мамилесине, же тоготпой, таптакыр маалымат берүүдөн баш тарткан жагдайларга туш болушкан учурлар да жок эмес. Кайсы гана тармактагы мекеме болбосун анын жасап жаткан ишмердиги коомчулукка, жалпы эле элге ЖМКлар аркылуу жетип турарын жогорудагы мекеме эске албагандай…

“Теңир Тоо” фондунун кечиккен демилгеси

Райондордо эгилген сафлор тууралуу маалымат алууну көздөп Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Жамшит Матанбаевге кайрылганыбызда, ал: “Жумгал районундагы 130 гектар кайрак жерлерге 3,5 тоннадай сафлор эгилди. Сууну аз талап кылгандыктан көп эмгек жумшалбайт, өсүмдүк тикенектүү болгондуктан мал да жебей, дыйкандар үчүн ыңгайлуу экен. Биздин райондо сафлор эгилгенине эки жарым айдай убакыт болду. Бул өсүмдүктүн үрөнүн айыл өкмөттөр банктан 4 пайыздык жеңилдетилген кредит менен алышты. Сафлордон май алынып, малга да тоют болот экен. Бирок, биздин райондо бул өсүмдүктү иштете турган жабдык жок. Облустук “Теңир Тоо” фонду Азия өнүктүрүү банкына сафлорду иштете турган завод куруу үчүн атайын долбоор даярдап жатат. Буйруса, бул маселе чечилип, завод курулуп калаар. Иштете турган жабдыктар болсо, жеке ишкерлер да сатып алышарын айтышууда. Билишиме караганда, бул өсүмдүк Ат-Башы районунан сырткары, республиканын дээрлик бардык райондорунда 100 гектардан кем эмес кайрак жерлерге айдалды”, – деди.

Демек, бир эле районго 130 гектарга сафлор айдалса, республиканын калган райондорун кошкондо дыйкандар тонналап кыйла эле үрөн айдашканы айтпаса да белгилүү. Сафлор мурда Кыргызстанда эгилбегендиктен, дыйкандар айтып жаткан иштете турган жабдыктардын жоктугу да айкын. Тиешелүү мекемелер атайын долбоор менен чет өлкөдөн бул үрөндү алуудан мурда, аны кантип иштетүүнү, жабдыктардын бары-жогун эске алыш керек болчу. Ушундай терең ойлонулбай жасалган кадамдардын аркасында буга чейинки картошканын мисалында канчалаган дыйкандардын эмгеги күйүп кеткен учурлар болбоду беле. Эмнеге өткөндөн сабак албайбыз? Ансыз да өлкөдө жумушсуздук күчөп турганда, маңдай тери менен эккен ар бир дыйкандын эмгеги текке кетпей акыбети кайтса, тиешелүү мамлекеттик мекеменин да жүзү жарык болот эле да…

Ошондой болсо да, күзгө чейин завод курулуп же сафлорду иштете турган жабдыктары менен дыйкандарга жардамга келе турган жеке ишкерлер чыгып калаар деп үмүттөнө туралы…

Вера БЕДЕЛБЕК

0 Поделились