Көк бөрү курама командасы Монголия менен беттешүүгө чыкмай болду

Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын курама командасы Монголия менен кайрадан беттеш өткөрмөй болду. Бул боюнча турнир уюштуруучуларынын акыркы чечими кабыл алынды.

Буга чейин аттардын такасын чечүү боюнча талаптан улам чыр чыгып, кыргызстандык улакчылар оюнга катышуудан баш тартышкан болчу. Кыргызстандын улакчылары оюн талаасынын кум-ташы талапка жооп бербегендиктен, аттардын такасын чечүүдөн баш тартканын айтышкан. Ал арада комментатор Кыргызстан командасын Монголиядан утулду деп жарыялап жиберген. Ага карата кыргыз улакчылары чемпионаттан биротоло баш тартып, артка кайтарын билдиришкен. Бирок кайра сүйлөшүүлөр жүрүп, улуттук команданын аттарына такасы менен чыгууга уруксат берилмей болду.

Оюндун ачылышында Тажикстан менен Өзбекстандын улакчылары беттешип,  алардан кийин Кыргызстандын командасы Монголия менен беттеше тургандыгы айтылган. Бирок Кыргызстан тарап оюнга өз убагында чыкпаганына байланыштуу техникалык жеңилүү деп эсептелип, упайлардын баары Монголияга берилген. Акыр аягында Монголия менен Кыргызстан кайра беттешүүгө макул болуп, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Булак: «Марал»