КР Өкмөтү отставкага кетти, эми жаңы курамы түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине,  87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин отставкасы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин,          биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Ошондой эле парламенттик көпчүлүк коалициясынын фракцияларынын лидерлери менен жолугушууда Президент “2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун шарттарында өлкөнүн мамлекеттик аткаруу бийлиги кыйла туруктуу жана натыйжалуу болушу керектигин эске алып, Өкмөттүн толук жаңы курамын кыска мөөнөттө түзүү зарыл деп эсептейм”,- деди.

“Ушуга байланыштуу мен Жогорку Кеңештин  Төрагасы Чыныбай Турсунбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү максатында 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз  сессиясын чакыруу тууралуу кат менен кайрылдым”, — деп билдирди Мамлекет башчысы.