Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»

 

(Башталышын бул жерден окуңуз)

Эки жыландын кармашы көпкө созулду.
Башта, ак жыланды көргөндө баарын унутуп, бир чети андан айбыгып, бир чети ага жагалданып, жалпактап турчу Күмүш жылан бу саам таанылгыс болчу. Адам-аялга болгон жек көрүүсү буга оошуп кеткендей, «сенден келгенди көрдүм» дегендей, тирмийе тиктешип да, тиштешип да, мүмкүнчүлүгү жетсе эле ак жыланды узатасынан оп тартып, чубалжыта жутуп алсам экен деп оозун аңырдай ачып, айтор, демейдегиден башкача эле.
Адегенде ачуу менен келип алып, бирок кайра эле абалкысындай аяп, аяр мамиле кылып жаткан ак жылан эки-үч жолу алдырып кое жаздап барып эсине келди.
Бир убакта кыл аркандай эшилишип, узатасынан суналган эки жыландын дымы чыкпай, кыймылсыз жатып калышты. Экөөнүн билинер-билинбес кышылдап, дем алганы, анда-санда гана денелеринин ар кай-ар кай жеринин «солк-солк» эте түшүп басылганы эле болбосо, өлүп калган немелердей кыймылсыз.
Жан басып жыгылчудай болуп чекчейген жыландын мойнун азыр чайнап салчудай тиштеп жатат. Ошондо да багынгысы келбей, тарамыштай тырышып, эби келсе эле бошоно калып, кайра өзү Күмүш жылан бир убакта «шылк!» этип, жер сүздү.
Ошондон кийин да көпкө оролушуп жатып, бир убакта Жан каршылашынан бошонуп, суурулуп четке чыга берди. Анын кетип баратканын араңжан жатып да туйган жылан ызалуу, аянычтуу кышылдады. Бул «ышкырыгы» менен:
– Мен сени жек көрөм! – деди ал.
Ак жылан артына имерилип карады.
– Жек көрөм! – деди Күмүш жылан кайра дагы.
– Билем…
Күмүш жыландын кудум үшкүрүккө окшогон узун “ышкырыгы”, арманы толук чыкпай, тең жарымы ичинде калып калгандай болду. Эми ошол өксүк денеси ылдый сыдырылып кетип бараткандай, тулкусунун улам бир жери “дирт-дирт” этип, бир убакта куйругу титиреп барып тынчып калды.
Жан кайра кайтып келди.
Жакын келип, Күмүш жыландын алсыз, жансыз жалдыраган көздөрүнө тиктеди.
– Мени кечир? Мен мындай болушун каалаган эмесмин, – деди ал.
– Тс-с… – Күмүш жон алсыз, аянычтуу “тысылдады”.
– Мени аргасыз кылдың… – бир чети актангандай, бир чети аны аягандай жооп кайтарды ак жылан.
Тумшуктары тийишип, бири-биринен көз албай тиктешип турушту экөө.
Чындап келсе, ушул учур Күмүш жыланга жакты. Денесинин канчалык ооруп турганына карабай, ак жыланга оролуша ойдолоктоп, ойногусу келип кетти. Ага эркелегиси, аны эрчигиси келди. Анын каалаганын ак жылан да сезип, туйду. Аны аягандай:
– Тс-с… – этти акырын.
Бул – алардын биринчи жолу жолу жакындан, бет маңдай, бири-биринин демин тыңшап, бири-бирин жакындан сезип, бири-биринин көздөрүнөн жооп издеп, жайбаракат сүйлөшүүсү эле. Мындай учурду Күмүш жылан канчадан каалачу?.. Канча курдай экөөнүн кездешүүсү тапыр-тупур кармаш менен башталып, кайра эле бат бири-биринен алыстап, экөө эки жакты карай зыпылдап кетишчү. Эми ушул бойдон жанында калса, экөө баарын унутуп таштап, ээрчишкен бойдон кетишсе кана?!
Анын бул каалоосун Жан башта эле сезчү. Бирок ага жооп айтуудан жалтанчу. Анын көзүнө тике карап: “Жок, мен өзүм жылан болгонум менен, дилимде – башкамын! Жыландардан алда канча алыстап кеткенмин. Менин каалаганым башка! Мен адам баласын сүйөм! Эмнеге экенин өзүм да билбейм, бирок мен ансыз жашай албайт окшойм!” – деп айткандан каччу. Мына эми, учур келди…
– Жаңыласың! – деди Күмүш жылан. – Баары бир сен жылан экениңди унутпашың
керек. Биз сыяктуу эле, адамдар да бизден коркушат, жек көрүшөт. Ал эми сен канчалык адамдын тилин, дилин билсең да, эч качан адам боло албайсың!
– Тс-с..
– Тигине, Кызмончогуңдун ичинде адамдын баласы жатат! Алар эртең эле чоңоюп, атасынын өчүн алыш үчүн сага ууга аттанышы мүмкүн! Адамдар ошондой – кекчил, аёосуз болушат. Канча мезгилдерден бери сени акмалап, артыңдан ээрчип жүрүп, мен алардын сырын жакшы билем. Эмне жооп айтарын билбей, ак жылан кайпактап кетти.
– А мен сенден тукум улагым келет, – деди Күмүш жылан. – Сага окшош жыландарды тапкым келет. Же сен каалабайсыңбы? Жалгыз калгың келеби?
Андан аркысын укпай, канчалык бурулуп кетип калгысы келгени менен, ак жыланды кимдир бирөө мойнунан жерге ныгыра басып, кармап жаткандай, ордунан козголо албай койду.
Бир жагынан Күмүш жыландын айтканында жөн бардай туюлду. Эмнегедир биринчи жолу Күмүш жыланга ичи жылып, аны жакынсып, ага имериле түшкөнүн сезди. Бирок бул имерилүү тээ бала кезинде эле “жылт” этип бир пайда болуп, ошол сезим көкүрөгүнүн бир көмүскө жеринде көмүлүп,
сакталып калганын ал билген жок.
Андан бери ал тууралуу ойлогонго ак жыландын эч чолосу да тийбей, каалоосу да болгон эмес. Анын болгон жашоо мүмкүнчүлүгүнүн, эси-дартынын баары – адамдар тарапта, Кызмончок тарапта боло берчү. Жыландардын мекени – ордосуна өтө керек кезде гана кайрылып келбесе, чын эле жашоосунун көп учуру адамдар менен өтүптүр. Ошол ордосуна чанда бир кайтып келген кездерде Күмүш жылан аны алдынан жалпактап тосуп чыгып, эми ак жылан эч жакка
кетпей, биротоло булар менен калып кала тургансып, телегейи тегиз болуп, жалпактап калчу. Андай кезде ургаачы жыландардын бири да ак жыланга жакындоого даачу эмес. Анткени алар күмүш жон, сулуу жыландан айбыгышчу.
(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.