8-майга карата аба ырайы

Республика боюнча 8-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13 күндүз 20…25

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12 күндүз 20…25

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында түнкүсүн 10…15 күндүз 19…24

Ысык-Көл областында түнкүсүн 3…8 күндүз 14…19

Нарын областында түнкүсүн 3…8 күндүз 13…18

Бишкек шаарында 8-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12  күндүз  23…25 болот.

Булак: © Кыргызгидромет