Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы, хирург-проктолог Ызакжан БЕКТЕНОВ: «Эмгекке жарамдуу адамдардын көбү геморрой менен жабыркап келишет»

 

Жан жериңди сыздатып, жанды кыйнаганда эч кимге айта албай же көрсөтө албай, өзүң да көрө албай, азапка салган каргашалуу оорулардын бири бул — геморрой. Биздин эл бур ооруну ачык айтып, ооруканага барып көрсөткөндөн уялып жүрө беришет эмеспи. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын саны өсүп бара жаткандыгын дарыгерлер дагы жашырышпайт. Геморрой эмне себептен пайда болот, анын белгилери, кантип дарыласа болот жана геморрой болбош үчүн эмнелерди биле жүрүү керектиги тууралуу хирург-проктолог Ызакжан Бектенов буларды айтып берди.

 

– Ызакжан Абдыралиевич, геморройдун пайда болуу себеби кандай, эмне үчүн көбөйүп жатат?

– Мындан 40 жыл мурдагы статистика боюнча, бойго жеткен адамдардын 40%ы геморрой менен ооруйт деген кеп бар эле. Чындыгын айтканда, эмгекке жарамдуу адамдардын 40%ы эмес, андан көбү ооруйт болушу керек деген божомолдор бар. Себеби, геморрой көпчүлүк учурда өзүнүн белгилерин билгизбейт. Канап, ачышып, кычыша баштаганда гана бейтап врачтарга кайрыла баштайт.

Ал эми көпчүлүк кезде ачышпай, кычышпай геморрой чоң заарага барганда кадимкидей түйрүлүп чыгып-кирип жүрө бериши мүмкүн. Киши ал нерсеге көңүл бурбайт, көңүл бурса да эмнегедир көбү чечкиндүү чечим кабыл албайт. Өзгөчө биздин азиалык менталитеттегилер дароо доктурга келип көрүнбөй, уялып жүрө беришет. Көпчүлүгү “баланча ооруп, дарыканадан мындай дарыны алып колдонсо бир аз жакшы болуптур” деп андан сурап алып, өзүн-өзү дарылай башташат.

– Алгачкы белгилери кандай болот?

– Көпчүлүк убакта биз чоң заарага барганды түптөп, негиздеп албайбыз. Эки-үч күндөп чоң заарага барбай жүрө беришибиз мүмкүн. Ага ичтин катышы – эң биринчи себеп. Кайра-кайра чоң заарага баргысы келип ыйына берет, бул дагы геморройдун пайда болуусун жаратуучу бир себеп. Оор жумуш менен иштегендер компьютерде кечке отуруп иштегендер үчүн да мүнөздүү. Азыр жаштарыбыз, деги эле көпчүлүгүбүз отуруп иштейбиз.

Көп кыймылдабай, отуруп иштеген жумушта кичи таздагы кан жакшы айланбаганы себеп болот. Мындан сырткары, дагы көп тараганы көтөн чучуктун тегерегиндеги эттердин өткүр сезгенүүсү. Мындайча айтканда, өткүр “пара- проктит” деп коёт.

– Парапроктит эмнеден пайда болот?

– Бул оору көбүнчө сууктан пайда болот. Карап турсаң, адамдардын көпчүлүгү муздак, сыз жерге отурушат. Жаштарыбыз кышкысын буттарына жука бут кийимдерди кийип жүрүшөт. Буттан өткөн сыздын негизинде көчүктүн ичиндеги бездер сезгенип, тегереги ириңдеп чыгат. Бул ооруну биздин профил бөлүмүбүздө атайын өздөштүрүлгөн ыкма аныктайт, өткүр сезгенүү менен келгендерди биз радикалдуу ыкма деп коёбуз. Себеби, көчүктүн ичиндеги бездер сыртына тээп чыгат. Биз ошол бездин сыртын көздөй кесебиз, муну радикалдуу ыкма менен жаруу деп коёт. Биз жаргандан кийин өткүр сезгенген ириңдүү нерсе ириң түтүкчөсүн пайда кылбай айыгат. Бизде ар бир райондо хирургиялык бөлүмдөр бар. Бирок, алар проктологиялык ооруларга ыңгайлашкан эмес. Проктология бар экенин билбегендер ошолорго барат. Ал эми хирургиянын өзүнүн принциптери бар, ириңдүү сезгенген жерди жаруу керек деген. Алар биздин ыкманы билбейт дагы, ошол ириңдеп турган жерди жарып коёт. Ириң чыгат, бейтап кадимкидей жеңилдеп калат, бирок жанагы ички тешик ачылат дагы, ошол жактан ичегиден инфекция кирип, жарылган жерден сыртты көздөй акырындап ириң түтүкчөсү пайда болуп калат. Муну билгендер дароо биздин бөлүмгө келип дарыланат. Билбегендери бир канча жолу операция болуп, анан акыры андан-мындан угуп, бизге келип жакшы болуп кетишет.

– Геморройду элдик медицина менен айыктырса болобу?

– Элдик медицинада өтө көп нерселерди колдонушат. Геморрой бир пайда болгондон кийин ал геморройду элдик ыкма менен же болбосо терапиялык свеча, майлардын түрлөрү менен дарылаганга болбойт. Мисалы, бирөөнүкү канайт, бириники ачышат, экинчисиники кычышат ж. б. болот. Же тромбоз болуп, түйүн пайда болуп чыгат, бул геморройдун кабылдаган түрүндө свеча, май жана башка дарыларды колдонуп убактылуу дарыланабыз. Бирок геморрой өзү кала берет, анан акырындап чоңоё баштайт. Ошол биринчи, экинчи стадиясында ультура нур менен, латекстик шакекчелер, ваакумдук соргуч менен операцияга жеткирбей, биротоло жакшы кылса болот. Ал эми геморройдун үчүнчү стадиясында бул ыкмалар жакшы ийгилик берет, бирок толук дарылай албайт. Геморрой төртүнчү баскычына өткөндө эң эле жакшы ыкма бул операция болуп саналат. Ошондой болуп турса дагы биздин элдин менталитетиненби уялып, кайдыгер болуп жүрө беришип, оор кабылдоолорго алып келип жатат. Билинбей аз-аздан кан кете берет, анан алы кетип ьшалдырап калганда келет. Текшерип көрсөк канынын жарымы жок болот. Каны аз болсо башка кошумча оорулар пайда болот. Бизге келгенде каны аздардын канын көтөрүп, калыбына келтирип алып анан операция кылууга туура келет.

– Геморройго кабылган кишилердин көпчүлүгү көтөн жаракасы (трещина) менен да жабыркайт экен бул экөөсү жанаша жүрөбү?

– Көпчүлүк убакта биринчи кезде, ички геморрой пайда болот. Туура эмес тамактангандыктан ич катып, убагында чоң заарага барбай калат. Ич катып, киши – чоң заарага барганда ыйынса геморрой түйүндөрү чыгып калат. Ошондо көчүккө геморрой түйүнү тыгылат, ага кошо катып калган заң чыгышы керек болуп натыйжада көчүк чоңурак ачылганга туура келет да, көтөндө жаракат пайда болот. Жаракат пайда болгондо убагында врачка келип дарыланса, жаракатты операцияга жеткирбей дарылаганга болот. Кошо жүргөн оорулар геморрой, трещина, парапроктит, свищ, ириң түтүкчө жана полип. Полип көтөн чучуктун ички жагынан, ичегинин бетинен өсүп чыгат. Полипти убагында алып салбаса, акырындап жаман ооруга айлана турган нерсе болуп саналат. Ар бир киши өзүнүн ден соолугуна көңүл буруп, 40 жаштан кийин бир жылда бир ирет колоноскопиялык изилдөөдөн өтүп турушу зарыл.

– Полиптин пайда болуу себеби эмнеден болот?

– Анын пайда болуу себеби абдан көп. Өзгөчө көтөндө өнөкөт жаракат болгондо ошол жаракаттын ички бурчунан өсүп чыгат. Зат алмашуу процесси тамак сиңирүү системасы бузулгандан чыгат. Көпчүлүк убакта полиптин эч кандай белгилери билинбейт. Полип чоңоюп кеткенде, заңдаганда заң улам ага тийип полипти кырып, анан канай турган болуп калганда жаман ооруга айланышы мүмкүн. Андыктан убагында врачка келип текшерүүдөн өткөн жакшы.

– Геморройду кантип алдын алса болот?

– Эң биринчиси профилактика, бул деген киши өзүнүн чоң заарага баруусун жөндөшү зарыл. Медицина киши жок дегенде эки күндө бир жолу чоң заарага барышы керек дейт. Бирок, мен антип эсептебеймин, адам өзүнүн чоң заарага баруусун негиздеп, күн сайын бир жолу чоң заарага барып турууга тийиш. Андан кийин киши – чоң заарага барганда даарат кагазды колдонбогону жакшы. Мүмкүн болсо жылуу суу менен жууп туруу керек. Киши канчалык кагаз колдонбосун, баары бир көчүктүн кычыктарында заң калат. Ал кишинин температурасы менен акырындап кургайт да басканда акырындап өйкөй баштайт. Бул дагы геморройдун пайда болуусуна бир себеп болот. Отуруп иштөө, аз кыймылдуу жашоо, туура эмес тамактануу ооруга алып келет. Ал эми көпчүлүк аял кишилер кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда геморройго чалдыгышат.

 

Бактыгүл Мундузова, «Кыргыз Туусу»

One thought on “Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы, хирург-проктолог Ызакжан БЕКТЕНОВ: «Эмгекке жарамдуу адамдардын көбү геморрой менен жабыркап келишет»

Комментарии закрыты.