23-августка карата аба ырайы

23-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28°.