Көк бөрү: Кыргызстан Түркия менен беттешет

21-августта Астананын «Казанат» ат майданында ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу башталган. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношот. Аталган турнир 28-августка чейин уланат.

Аталаган дүйнө чемпиондугунун алкагында бүгүн, 23-августта Кыргызстан менен Түркиянын командалары беттешет. Оюн саат 11де башталат. Буга чейин, 22-августта Кыргызстан Өзбекстанды 11:2 эсебинде, ал эми Монголияны 4:0 эсебинде уткан болчу.