Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын начальниги Алмазбек ИСАКОВ: “Айып пул төлөбөсө, чет өлкөгө чыга алышпайт”

– Алмаз Карыпович, акыркы жылдары жол транспорт кырсыктары көп катталууда. Жол кырсыктарынын санын кыскартууга жана алдын алууга кандай иштер жүргүзүлүүдө?

– Жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан 87 рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Дээрлик күн ара рейд иштерин жүргүзүп жатабыз.

2022-жылдын 6 айында 1342 жол транспорт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 21 адам каза болуп, 1721 адам жабыр тарткан. Былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу жол кырсыгынын саны 3%га, жаракат алгандардын саны 5%га өскөн. Ал эми адам өлүмүнө алып келген фактылар 25%га төмөндөгөн. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 296 жол транспорт кырсыгы катталган. Эки өспүрүм каза таап, 331 бала ар кандай жаракаттарды алган. Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу 15%га өскөн. Себеби, былтыр пандемияга байланыштуу окуучулар окушкан эмес. Андыктан окуу жылы башталгандан тарта айдоочуларга жана окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаттык. Жөө адамдарды сүзүп кетүү боюнча 723 факты катталган. Бул фактылар боюнча талдоо жүргүзгөндө кырсыкка кабылгандардын 30%ы жолду туура эмес жерден кесип өтүшкөн. Айрым жолдор жөө жүргүнчүлөргө өтүүгө кооптуу, ошол жерлерге муниципалдык кызматтарга светофор коюп, жарык койгула деп айтып жатабыз. Жөө өтмөктөрдөн дагы адамдарды коюп кеткен учурлар бар. Кечкисин күүгүмдө жана жаан жааган учурда жолдогу тоскоолдуктар жакшы көрүнбөй калат. Айдоочулар аны эске албай жаанда катуу айдашып жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен учурлар көп катталат. Андыктан жөө өтмөктөрдөн кийин атайын кызматкерлерди коюп жатабыз. Бул дагы коомчулукта “милициянын кайгуул кызматкерлери аңдып туруп алды” деп чоң талкууну жаратты. Эгер кайгуул кызматкери жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгон айдоочуга протокол толтуруп, айып пул салса, ал кийинкисинде жолду карап, шашпай өтүп калат да. Эгер ал жол эрежесин бузбаса, эч ким токтотпойт. Бул боюнча дагы жалпыга маалымдоо каражаттарында активисттер менен теле дебаттарды өткөрдүк.

– Окуучулар арасында жол эрежелерин сактоо боюнча сабактар өткөрүлөбү?

– Ооба, өтүлөт. Бирок тиешелүү деңгээлде өткөрө албай жатабыз. Шаар боюнча 104 мектепке атайын кызматкерлерди бекиткенбиз. Алар мектептерде сабактарды өтүп, ар кандай иш-чараларды уюштуруп, семинарларды өткөрөт. Бирок, айрым кызматкерлер өздөрү билген нерсени окуучуларга жеткире албай жаткан дагы учурлар бар. “Кызылдан өтпө” деген менен гана чектелип калып жатышат, аны моюнга алыш керек. Андыктан мектептерде профилактикалык сабактарды күчөтүп жатабыз. Бала үчүн эң биринчи мугалим бул – ата-эне. Кечинде жумуштан келгенде баладан “Бүгүнкү күнүң кандай өттү?” – деп сурап, “жөө өтмөктөн өт, жол меники деп эле чуркап кетпе”, – деп күндө баланын кулагына куюп туруш керек. Мисалы, бир машина токтоп турса жөө өтмөктөн бала чуркап чыга калат, ал эми аркы жактан келе жаткан машина баланы көрбөй сүзүп кетет. Ошондуктан ата-энелерге да, балдарга дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

– “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирсе, милициянын кайгуул кызматкерлери жолдорго турбай калат дешти эле. Учурда кайгуул кызматкерлери кайрадан жолдордо туруп калышты. Бул дагы коомчулукта талкуу жаратууда…

– “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаары боюнча 38 жол кесилишине камера коюлган. Ал камералар шаардын 3 гана пайызын камсыздай алат. Азыр “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы башталып камераларды орнотуу иштери жүрүп жатат, бирок толук кандуу иштей элек. “Коопсуз шаардын” камералары коопсуз курду, жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгонду тартпайт. Ошондуктан милициянын кайгуул кызматкерлери эл көп өткөн жолдордо турушат. Эгер кызматкерлер жол эрежесин бузуп жатканын көрүп жатса, токтотпой кое албайт. Аны айрымдар түшүнбөй “камера бар жерде эмне үчүн токтотуп жатат” деп чыгышат.

– “Коопсуз шаардын” “Бактылуу каттарын” “Кыргыз почтасы” ишканасы таратпай калды. Айдоочулар айып пулу бар экенин билбей калышууда. Автоунаасын саткан учурда же, жол кырсыгына кабылып айып унаа токтотуучу жайга токтотулганда билип жатышат. Ал учурда айып пулдун тууму өсүп кетүүдө…

– Ооба, “Коопсуз шаар” долбоору башталганда алгач “Кыргыз почтасы” таратчу. Үйлөрүндө жокторун бизге алып келип беришер эле. Биз алар менен дагы иш алып барчубуз. Азыр эми “Аманат транс” деген компания каттарды жеткизип жатат. Кимге айып пул жазылганы базада көрүнүп турат. Эгер почта жеткизе элек болсо базада каттын статусу жеткизилген жок деп турат. Эгер жеткирилип, 15 күндүн ичинде төлөсө 70 пайыздык арзандатуу менен төлөйт. Эгер 15 күндөн ашып кетсе, толук төлөшү керек. Бир айдан ашып кетсе туум кошула баштайт жана айып пулун төлөбөгөн адамдын автоунаасын айып унаа токтотуучу жайга токтотууга толук укугубуз бар.

– Эгер кат жетпесечи?

– Кат жетпесе базадагы статусу өзгөрүлбөйт. Туум өспөйт.

– Маршруттук таксилер элди шыкап салып алып, жарышып айдашат. Айрымдары телефон менен сүйлөшүп, автоунаанын ичинде тамеки тартышат. Алар менен профилактикалык иштер жүргүзүлөбү?

– Бизде техникалык көзөмөлдөө кызматы коомдук транспорттор менен иш алып барат. Эртең менен чоң автопарктарды кыдырышат. Бишкек шаары боюнча 41 фирма, муниципалдык парктарда 150гө чейин автобустар бар. Жалпы шаар боюнча 2000ге чукул автотранспорт эл ташыйт. Анын баарын график менен текшеришет. Мындан тышкары айдоочуларды чогултуп эскертүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Автоунааны айдап баратып телефон менен наушник аркылуу сүйлөшкүлө, тамеки тартпагыла, элди орундарга гана отургузгула деп айтабыз. Эгер айдоочу телефон менен сүйлөшүп, тамеки тартса ушул телефондорго чалгыла деп маршруттук таксилерге билдирүүлөрдү чаптатып жатабыз, бирок айдоочулар кайра эле алып коюшат экен. Аялдамада экинчи сызыкка токтотуп, жолду тосуп салышат. Жол эрежесин бузган маршруттук таксилерди токтотсоң ичиндеги жүргүнчүлөр “биз кечигип жатабыз, кетишибиз керек” деп ызы-чуу салышып кайгуул кызматкерлердин иштөөсүнө тоскоолдук жаратышат. Мэрия муниципалдык автобустарды көбөйтөбүз деп жатат. Эгер көбөйтсө, маршруттук таксилер шаардын четине чыгарылат.

– Жөө жүргүнчүлөргө жолду туура эмес кесип өтсө айып пул каралган. Алар кандай жол менен өндүрүлөт?

– Акыркы жети айдын ичинде жөө жүргүнчүлөргө, велосипедчендерге 14 415 протокол толтурулган. Эгер бир жаранга протокол толтурулса, ал төлөбөй жүрө берсе туум кошула берет. Аны сотко жиберебиз. Сот аткаруучулар мүлкү болсо аны камакка коет, паспорт жана башка документтерин алууга, чет өлкөгө чыкканга чектөө салып коет. Айрымдар Россияга кетем деп самолетко билетин алып, аэропортко барганда өткөрбөй коюп, “билеттим күйүп кетти” деп келишет. Андыктан салынган айып пулдарды убагында төлөш керек.

Наргиза КОЗУБАЕВА

0 Поделились