Коалиция премьерликке сунушталган Сапар Исаковдун программасын угат

Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке сунуштап жаткан Сапар Исаковдун программасы менен 24-августта таанышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, Исаковдун программасы менен алгач фракциялар, көпчүлүк коалиция таанышып чыгат. Андан соң 25-августта парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Жогорку Кеңеш 25-августта кезексиз жыйынга чогулат. 22-августта мамлекет башчынын атынан Жогорку Кеңешке кезексиз жыйын өткөрүү тууралуу кат келип түшкөнү айтылган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу 21-августта кызматын тапшырган. Ал жана анын кабинети отставкага кеткен.

Жээнбеков КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер болуп көрсөтүлдү.

Мыйзам боюнча өкмөт отставкага кеткенден кийин жаңы курамды парламент түзүшү керек.

Булак: «Азаттык»