Ырчы Абдумалик Шерматов алдамчылык фактысы менен кармалды.

Бишкекте ырчы Абдумалик Шерматов алдамчылык фактысы менен кармалды. Бул тууралу шаардык милицияга шилтеме жасап, «Акипресс» маалымат агентиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы А.Шерматов концерт уюштуруу үчүн акча каражатын алып, концерттен кийин кайтарып бере турганын айтканы, бирок эмдигиче кайтарып бербегени белгиленип 22- май күнү арыз түшкөн.

Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 166 беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелип жаткан А.Шерматов камакка алынган.