Бакай-Атада 7-класстагы кыз менен жыныстык катнаш кылгандан кийин үйлөнгөн жигит каттоого алынды

Бакай-Ата районунда 7-класстагы кыз менен жыныстык катнашка барган 18 жаштагы жигит каттоого алынды. Бул тууралуу Бакай-Ата РИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылынын 1999-жылы туулган тургуну ушул эле райондун Ак-Дөбө айылындагы 2003-жылы туулган кыз менен жыныстык катнашта болгон. Натыйжада кыздын 7 айлык боюнда бар экени белгилүү болуп, анын апасы чатак чыгарып, экөөнү үйлөндүргөн. Кыз учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

«Ал кыз бала менен таякесинин айылына барып таанышып калган экен. Өздөрүнүн айтымында, алар 2016-жылдын декабрь айында жыныстык катнашка барышкан. Кийин кыздын ичи билинип калганда апасы чатак чыгарып, экөөнү 1 ай мурда үйлөндүрүп коюшуптур. Жагдайга байланыштуу тергөө иштери 1 айга узартылган», — деп айтылат маалыматта.

Булак: «Турмуш»