Мамлекеттик катчы Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Бул дүйнөнү асылзат аялдар менен балжууран балалыктын шыңгыр күлкүсүнөн айырбасын!»

Акыркы мезгилде Кыргызстанда аялдар менен балдарга карата жасалган зордук-зомбулук жосундарынын кескин өсүп баратканын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов мекендештерине кайрылуу жолдоду.

Аялдар менен балдардын кепилденген укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын келечегине кам көрүү мамлекеттик бийликтин, анын ичинде мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындай милдеттен жалпы коомчулуктун да четте калууга акысы жок. Анткени, Кыргызстан ООН, ЮНИСЕФ, УВКПЧ сындуу бир катар ири эл аралык уюмдарга мүчө болуу менен, өзүнө гендердик теңчиликти сактоо, аялдар менен балдарды коргоо жана колдоо жаатында бир катар милдеттенмелерди алган. Аларды аткарыш керек.

Акыркы жылдары Кыргызстанда аялдар менен балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ал-күчтөн тайып калган кары-картаңдарга карата жасалган, улуттук нарк-насилибизге жат, элдик салт-санаабызга сыйбаган кылмыштардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук мамилелеринин, жоболоңдуу жосунсуз жоруктардын кескин өсүп жатышы тынчсыздандырбай койбойт. Жалпы коомчулуктун, эл аралык жана коомдук уюмдардын тамырын терең сайып, бутагын кенен жая баштаган мындай терс көрүнүшкө абдан кабатыр болуп жатышы бекеринен эмес.Тынчсызданууга толук негиз бар.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкө аймагында 604 сексуалдык кылмыш катталса, анын жарымынан көбү кылмыш курамы жок деген негизде жабылган. 254 ала качып никеге туруу учуру катталса, анын 84 пайызы кылмыш курамы жок деген негизде жабылган. 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган. Андан тышкары, 10151 үй-бүлөдөгү зомбулук учуру катталып, жубайынан же жакындарынан ыдык көргөн 8463 аялга жана 264 балага керт башын коргоо ордери берилген. Ал эми коомчулукка билинбей, «кол сынса – жең ичинде катылуу» бойдон калганы канча…

Быйыл деле мындай кылмыштардын азайганы байкалбайт же азайчудай түрү жок. Өткөн жарым жылдын жыйынтыгында балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын ичинде 55 учур сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болуп саналат. Маалыматтык талдоо көрсөткөндөй, мындай оор кылмыштардын 80 пайызы мурдатан тааныш же кандайдыр бир деңгээлде тууганчылыгы бар адамдар тарабынан жасалат. Алтургай, алардын арасында ошол балдардын өз ата сөрөйлөрү да бар экен. Көр турмуштун айынан аласалып отуруп ушуга жетип калыппыз…

Айтканга да ооз барбайт экен: эми килеңдеген эле эркектер эркектерге кол сала баштаптыр. Жакында эле эңгезердей төрт эркек өздөрүнүн кошунасын зордуктап салыптыр деген өтө жийиркеничтүү суук кабар тарады. Жүрөктүн үшүн алып, ар кишини нес кылган мындай акмакчылыктын артында эмне турат?

Балким коомдук пикирдин эч нерсеге арзыбай калганы, аны менен кошо адамдын деградацияга учурашы, таалим-тарбиянын жоктугу, адамдык абийир менен ар-намыстан кеткени, акылынын пастыгы, жандүйнөнүн жардыланышы бугуп жаткан болбосун?..

Кыргызстанда байлар менен жакырлардын жашоо деңгээлинде асман менен жердей кескин айырма болуп калды. Ушу тапта 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала бар, жалпы калктын 36 пайызын түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү – элет жеринин тургундары. Анын үстүнө ички жана тышкы миграция көйгөйлөрү да кошул-ташыл коколоп турат. Жакырчылык балдардын жетиштүү билим алуу жана белгилүү бир кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектейт, алардын криминалдык чөйрөгө тартылышына жана зордук-зомбулукка кабылышына жол ачары бышык.

Мына ушундай жагымсыз жагдайларды эске алуу менен, азыр Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын долбоору иштелип чыкты. Бул программанын негизги максаты балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны андан ары өркүндөтүү болуп саналат. Анын ичинде программада камтылган иштиктүү жоболор менен бирдиктүү чаралардын тутуму эми «Балдар жөнүндө» кодексте да эске алынат деген ойдомун.

Ушу тапта түп көтөрө чурулдап жаткан ушул эле эл аралык уюмдар менен алардын бакма балдары кийлигишип жатып, «кылмыш мыйзамдарын гумандаштыруу» урааны астында өтө оор кылмыштарга карата өлүм жазасын алдырып салганын, бир катар катаал мыйзамдык чаралар кыйла жеңилдетилген мөөнөттөр менен алмаштырылганын белгилей кетпесек, анда калыстыктан таптакыр тайган болобуз.

Бул жерде бузуш оңой, кайра куруш кыйын экенин алардын эсине дагы бир ирет сала кетели. Тилекке каршы, айрым бир уюмдардын иши башка бирөөнүн «таасир этүүчү күчү» болуудан ары жылган жок, муну моюнга алыш керек.

Албетте, аялдар менен балдарга карата жасалган зордук-зомбулук кылмыштарынан ашкан күнөө жок, аны эч ким эч нерсе менен жактай да албайт, актай да албайт. Алтурсун, педофилдерди ашынган кылмыш дүйнөсү да кечирбейт, муну эгерим эстен чыгарбайлы. Биз кимдир бирөөлөрдүн кылмыш менен мыйзамдын ортосуна арачы түшүүсүнө жол бербешибиз керек. Кылмыш фактыларынын ар бири кылдат иликтенип, мыйзам алкагында катаал чаралар көрүлүп, алардын жүрүшү коомчулуктун көз жаздымынан тышкары калбоого тийиш.

Эгер биз бул дүйнөнүн алтын туткасы менен бакубат келечеги болгон өтө аялуу адамдарыбыздын көйгөйлөрүн чечели, жоболоңдуу жосунсуз жоруктардан биротоло арылталы десек, анда азыртан андай оор кылмыштардын алдын алуу боюнча алгылыктуу чараларды көрүп, балдардын ар тараптуу жетилишине коопсуз чөйрө түзүү зарыл. Ал үчүн ар бир окуяны кылдат иликтеп, кылмыштын жасалганын моюнга коюп же моюнга алып, жалпы элдин элегине салганыбыз, иштиктүү талкууга алганыбыз туура болот. Эң бышкысы, көрүлүп жаткан чаралардын солгундап кетишине жол бербөө зарыл.

Эске салсак, 2021-2026-жылдарга Улуттук өнүктүрүү программанын жоболоруна ылайык, ар бир жаран ар кандай зордук-зомбулуктан, кордоодон, басмырлоодон, өзүм билемдик жосундарынан коргоого алынуусу абзел. Ал эми адам укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин толук камсыз кылуу – мамлекеттин конституциялык милдети. Бул багытта бардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары жалпы коомчулук менен биргелешип иш алпарышы керек.

Ардактуу замандаштар, “Аял жылмайса – аалам жылмаят” дейт, анысы кандай, бактылуу баланын күлкүсү да дал ошондой керемет. Ылайым, бул дүйнөнү асылзат аялдар менен балжууран балалыктын шыңгыр күлкүсүнөн айырбасын. Мен силерди өлкө тумушунда орун алган жоболоңдуу жосунсуз жоруктарга каршы күрөшүү жаатында биргелешип иш алып барууга чакырам. Бар болгула – бир бололу!..

0 Поделились