«Алтай конушу” көргөзмөсүн уюштурган адистер сыйланды

Июль айында Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда болуп өткөн “Алтай конушу” көргөзмөсүн уюштуруучулар президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазылык каты жана атайын сааттар менен сыйланышты. Сыйлыктарды Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков тапшырды.

Эскерте кетсек, «Алтай конушу» көргөзмөсү алтай элдеринин каада-салтын, жашоо-турмушун чагылдырган стилде жасалып, анын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Көргөзмө «Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер» эл аралык форумунун алкагында уюштурулган. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнгө чейин ага 8500 киши келип кетишти.

Маалыматка ылайык, “Алтай конушу” атайын экспозициясы чогултулуп, арт-объектилер тургузулган. Туристтер үчүн маданий-этнографиялык программа даярдалган жана коноктор үчүн 30 боз үй тигилип, 12 мамлекеттен 150гө жакын өкүлдөр катышкан. Бүгүнкү күнгө чейин экспозицияны 8,5 миң киши көргөн.