Ар бир адам – өз тагдырынын архитектору

Кыргыздын “Билим көккө жеткирет” көөнө сөзү бар. Бүгүнкү ааламдашкан заманда билимге ынтызар жаштарыбыздын арбындыгы көңүл көтөрбөй койбойт. Мамлекетибиздин эртеңки келечеги да ушулар. Биздин каарманыбыз Абдрахман Сулайманов өзүнүн күн-түндөгөн жеке аракети, терең билим алууга умтулуусу менен баарыбызды кубантып турган чагы. Ал дүйнөгө белгилүү АКШнын Нотр-Дам университетинин магистратурасында окуу үчүн 160 миң долларлык грант утуп алууга жетишип отурат. Бул максатка жетүү үчүн ал кандай жолдорду басып өткөнүн, өзүнүн сөзү менен жарыяладык. Анткени, ар бир ийгиликтин үлгү алчу жактары болот эмеспи. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн  Абдрахман Сулаймановдун умтулуу, максатына жетүү аракеттери балким, жаштарыбызга үлгү болуп калар.

“Эмнеге мындай маалыматтар бизге жетпейт?…”

– Ноокат районунун Кайрагач айылында карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, ошол эле айылдагы орто мектепти бүтүргөм. Кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Эл аралык мамилелер факультетине тапшырдым. Даярдоо жана биринчи курста окуп жүргөндө тилден бир топ эле кыйналдым. Иш-чаралардын көпчүлүгү орус тилинде болгондуктан аларга катыша албай, катышсам да оюмду орусча толук жеткире албай калчумун. Анан бош убактымдын баарын орус, англис тилдерин үйрөнүүгө жумшай баштадым. Бир күнү группалаш кызым мектепте окуп жүргөндө Америкага барып бир жыл окуп келгенин айтып калды. “Байдын кызы болсо керек, жөнөкөй адамдын кызы барып окуй албайт эле” деп өзүмчө бүтүм чыгарып койдум. Бирок, сураштырып олтурсам FLEX деген программа менен жыл сайын Кыргызстандан 9-11-класстын базасындагы 100 окуучу тандалып алынып, Америкадан бир жыл окуп келишет экен. “Эмне үчүн мындай маалыматтар бизге жетпей калат? Эгерде мен дагы ушул программа тууралуу эртерээк укканымда англис тилин жакшы окуп, барып келмекмин” деп капаландым.

Чынында эле, мындай маалыматтар айыл жергесиндеги окуучуларга жетпей калат. Анын үстүнө көпчүлүк алмашуу программалар, гранттык окутуулар туу-ралуу маалыматтар орус жана англис тилинде жарыяланат эмеспи. Билинбегени менен бул дагы биздин билим берүү системабыздагы чоң көйгөйлөрдүн бири. Ушундан улам, 2019-жылы билим берүү тармагындагы теңсиздикти жоюу максатында “Эл деми” деген сайт негиздеп, ага билим берүү жаатындагы жакшы мүмкүнчүлүктөрдү кыргыз тилинде жеткиргенге аракет жасадык. Ал аралыкта өзүм дагы “Мевлана” студент алмашуу программасы менен Түркиядагы Селчук университетине бир семестр окууга кеттим. Окуу жылы аяктаган соң өз ыктыярым менен Анкарадагы “Жакынкы чыгыш боюнча изилдөө борборуна” барып эки ай иш тажрыйбадан өттүм. Кыскасы, бул сапар мени чет өлкөдөн  билим алууга, тажрыйба топтоого, изденүүгө болгон дилгирлигимди  арттырды.

“Мыкты адис болуу үчүн терең билим керек”

– Акыркы курста окуп жүргөндө да бир аз кыйын болду. Себеби, бир эле учурда дипломдук иш жазып, экзамендерге даярданып жана TOEFL тесттине даярданууга туура келди. Колдон келсе TOEFLды эрте эле тапшырып койгон туура экен. Ошондой эле бир канча университетти карап чыгып, магистратурага тапшырышым керек болчу. Орусия, Кытай, Азербайжан университеттерине тапшырып, Санкт-Петербургдагы университетке 50% стипендия менен өттүм. Бирок мага толук стипендия керек болчу.

Ошондуктан,  Бишкектеги академия ОБСЕге политика жагына тапшырдым. Ал жакта айына 25 миң сом стипендия алып, 1,5 жыл окудум. Баллдык көрсөткүчүм жакшы болгондуктан Норвегиядагы изилдөө борборунан иш тажрыйбасынан өтүүгө жиберишти. Аяктаган соң ал жактан 1 жыл иштеп, Кыргызстанга келдим. Бул жактан Швейцариялык Helvetas уюмунда “Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу” боюнча  долбоордо иштеп калдым. Бирок, мыкты адис болуу үчүн билимимди дагы да тереңдетип, чет өлкөдөн окуйм деп чечтим дагы, гранттык негизде окута турган университеттерди издей баштадым.

“Грантты утуп аларыма алгач ишенген эмесмин”

– Өнүккөн өлкөлөрдөгү университеттердин ар биринин стипендиялык фонду жана рейтинги болот. Мен ошол рейтингине карап, Американын алдыңкы 20 университетине тапшырууну туура көрдүм. Анын үстүнө ал окуу жайларга өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн  студенттеринин өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору экен. Ошондуктан эринбей эле көпчүлүк окуу жайлардын веб-сайттарын карап, изилдеп көрдүм. Бир күнү досум: “Былтыр Нотр-Дам университетине бир кесиптешим  Master of Global Affairs (Глобалдык маселелер боюнча магистр) программасы менен тапшырып, грант утуп алган. Ошол жакка тапшырып көрбөйсүңбү”, – деп калды.  Кызыгып, дароо веб-сайтын карадым да, “мен издеген программа экен” – дедим. Бирок, грантты утуп аларыма ишене албай турдум. Ошентсе да, шансымды сынап көрөйүн дедим. Ар жылы сентябрдан 15-декабрга чейин окуу жай онлайн өтүнүчтөрдү кабыл алып, февралда маектешүү болот экен. “Сиз менен маектешүү болот” деген кат келгенде  даярданып алып күттүм. Ага чейин ошол программа менен окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер менен байланышып, маектешүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат алгам. Кудай жалгап маектешүү жеңил жана эркин өттү. Толкунданбай, суроолорго так жооп бергенге аракет кылдым. Эмнегедир маектешүүдөн кийин “буюрса, өтөт окшойм” деген ишеним пайда болду.

“Ишенбей катты 5-6 жолу окудум”

– Жыйынтык март айында чыкмак. Ошол аралыкта күн сайын таң  эрте электрондук почтамды текшерүүнү адатка айланткам. Бир күнү эртең менен 7де карасам өткөндүгүм тууралуу кат келиптир. Ишенбей катты 5-6 жолу окудум. Аябай сүйүнүп, биринчи эле ата-энеме сүйүнчүлөдүм. Чындап башкача сезимдер болгон.

Ошентип, туруктуу өнүгүү багыты боюнча Нотр-Дам университетине магис-тратурага өттүм. Эки жылга 160 миң доллар бөлүнөт экен. Аталган университеттин бюджеттик фонду 1,5 млрд. долларды түзүп, Америкадагы эң бай 5-6 университеттин катарын толуктайт. Ал эми рейтинги боюнча Америкадагы алдыңкы 20 университетке кирет экен. Албетте, стипендиясына эле караган жокмун, окуу жайдын шарттары, мен кызыккан багыт боюнча билим берүүсү тууралуу да жакшы пикирлерди окудум, уктум.  

Менин тандалып калганымдын бир себеби – Норвегиядагы иш тажрыйбам болду көрүнөт. Анткени мен окуй турган багытта аз да болсо тажрыйбам бар эле. Андан сырткары TOEFLдан алган баллыңа да карайт экен. Меники 105 (эң жогорку балл – 120) болчу. Ошондой эле мотивациялык кат, эссе жана сунуш кат керектелди. Эссемде Борбор Азиядагы суу ресурстары боюнча талкууласам, сунуш каттарды Норвегиядагы координаторум жана “Манас” университетиндеги агайым жазып берди. Ал эми мотивация-лык катта буга чейинки тажрыйбам менен тандаган бөлүмүмдүн кандай байланышы бар экенин жана алган билимимди кандай колдонорум тууралуу жаздым.

“Мүмкүнчүлүктөрдүн океанында жашап жатабыз”

– Беш бир тууганбыз, үч байкем жана карындашым бар. Байкелеримдин баары үйлөнүп-жайланышкан. Өзүм дагы жакында эле үйлөндүм. Буюрса, келинчегим менен кетүүгө камынып турабыз.  Ата-энем айылда дыйканчылык менен алектенишет. Турмуш-шартка байланыштуу байкелерим жогорку окуу жайында окубай калышкан. Ошентсе дагы “Изден, оку, билим ал. Эл керегине жараган инсан бол!” – деп баары колдоп, мени менен сыймыктанып турушат. Албетте, алардын ишеничтерин, үмүттөрүн актаганга дайым аракет кылам. 

Окууну аяктаган соң, ал жактан багытым боюнча жумуш таап, иштеп, тажрыйба дагы топтоюн деген пландарым бар. Бирок, кандай болсо да өз өлкөмө кайтып келип, элибизге кызмат кылам деген максатым бар.

“Билим алуу – бешиктен башталып, кабырга чейин парз кылынган” дешет го. Анын сыңары биз дайыма билим алып, өзүбүздү өнүктүрүп, изденип турушубуз зарыл. Анын үстүнө бүгүнкү күндө жашоо ушунчалык тез болгондуктан, азыркы алган билимиң эртең эле эскирип калып жатат. Ошон үчүн заман талабына жооп берген, күчтүү, илимдүү-билимдүү, өзүбүзгө эле эмес, өлкөбүзгө салым кошкон кадр болгубуз келсе, билим алуудан талбашыбыз керек. Азыр мүмкүнчүлүктөрдүн океанында жашап жатабыз. Болгону ошолорду издеп аракет кылышыбыз керек. Билим алуу кайсы бир жашка чейин эле деген чек жок. Ошондуктан, мүмкүнчүлүк болуп турса, шарттар туура келсе дагы да улантып билим алууга эмнеге болбосун?!

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА

0 Поделились