Көк бөрү: Кыргызстан 13 — 3 Түркия

Көк бөрүнүн казакча түрү — көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпионатында бүгүн Кыргызстан Түркияны 13:3 эсебинде утту.

21-августта Астананын «Казанат» ат майданында ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу башталган. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношууда. Аталган турнир 28-августка чейин уланат.

Аталаган дүйнө чемпиондугунун алкагында бүгүн, 23-августта Кыргызстан менен Түркиянын командалары беттешип, оюнда 13:3 эсеби менен Кыргызстандан барган команда жеңишке жетишкен. Буга чейин, 22-августта Кыргызстан Өзбекстанды 11:2 эсебинде, ал эми Монголияны 4:0 эсебинде уткан болчу.

24-мартта Кыргызстан Тажикстан менен ойнойт. Андан кийин АКШ командасы менен беттешүүсү күтүлүүдө.