Ак илбирске аңчылык үчүн айыппул 1,5 млн сомго көтөрүлдү

Ак илбирске аңчылык кылгандар үчүн айып пул 500 миңден 1,5 млн сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо жана кен байлыктарды иштетүү департаментинин башчысы Алмаз Мусаев журналисттер менен болгон жыйында билдирди.

Анын айтымы боюнча, мындай токтом 2017-жылдын 18-августунда чыккан.

Ошондой эле анын айтымында, Кыргызстанда акыркы 3 жылда аңчылык үчүн 11 адам кармалып, 1-5-жылга чейин соттолушту.