Тилиң бош болсо, тишиңе ишенбе

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Интернеттеги социалдык түйүндөр жана андагы баракчалар социалдык сасык тумоого айланды. Анын колдонуучулары: жаштар, орто муундагылар, “сакалдуулар” деле кыбыр эткендин баарын ошо жакка жазышат, анан эле кызыл кыргын, кара сүргүн болуп, жатып калганы. Ким бирөө социалдык баракчаларды коомчулуктун арыз-арманы, үмүт-тилеги айтылган аянтча экенин айтып, бул баракчаларды митинг, пикеттер өтчү, элдин бийликке карата кайрылуусу, талабы айтылчу аянтка салыштырып ийиптир.

Болуптур, бул ой менен макул болоюн десең, социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин “Мегакомдо” кеңешчи экенин айтып, анын алган айлыгын талкуулап жатат. Бул талкууга кимдин-бирөөнүн М.Мискенбаевдин “Мегакомдо” иштеп жатканын жана 150 миң сом маяна аларын балп эттирип койгону себеп болгонун билебиз. Акыры бул маселеге экс-депутат өзү тактоо киргизди, анын “Мегакомдо” иштегени ырас болгону менен, алган айлыгынын көлөмү өтө эле апыртылып айтылыптыр. Ушул жерден суроо жаралат, эгер социалдык баракчалар элдин арыз-арманы айтылчу аянтча болсо, ал аянтчага М.Мискенбаевдин эмне тишеси бар? М.Мискенбаев Кыргызстандын толук укуктуу жараны жана андан ал укукту эч ким тартып алган эмес. Ал мамлекеттик кызматта иштейби, же жеке менчик компанияда иштейби, же “Мегакомдо” иштейби, кайсыл кызматта болбосун иштөөгө, эмгектенүүгө Конституциялык укугу бар. Ал укук КР мыйзамдарында ак-карасынан жазылган. Иштесе ишке тойбой турган куракта колоктоп көчөдө бош жүрүп алмак беле. Анан калса, рынок экономикасы деген шамал ыркырап турбайбы. Ал иштебесе, М.Мискенбаевди, анын үй-бүлөсүн башка бирөө бакмак беле? Ал эми иштеген жеринен канча айлык алат, же бекер эле иштеп береби, ал жеке маселе, а адамдын жеке ишине кийлигишүүгө социалдык түйүндүн колдонуучулары болобу, же башкаларбы, кийлигишүүгө эч кандай укугу да, эң башкысы аталарынын акысы да жок.

Бала бакчага айланган аткана, музейге айланган даараткана

Оюна келгенди оттоп, биринен бири акылдуусунгандардын комментарийлерин окуп, аргасыз баш чайкайсың. Айла жок, “оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн” дегендей, “оозу кыйшык болсо да” социалдык түйүндүн колдонуучулары сүйлөп, өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалга “погода” жасап жатышат. Дегинкисинде, социалдык түйүндөр жана социалдык баракчалар арыз-арманды айта турган аянтча эмес, жаратман аянтча болсо болмок. Чындыгында, бүгүн коомчулук талкууга ала турган маселе башка. Маселен, ошол эле “Мегаком” соода маркасы менен белгилүү 100 пайыз үлүшү мамлекеттик «Альфа-Телеком» уюлдук компаниясы үч жолу тендер жарыяланып, бирок сатылбай калган соң, эми тендерсиз, тикелей сатылганы жатат. Айтымда, Экономика министрлиги «Мамлекеттик мүлктү тикелей сатуу усулу менен менчиктештирүүнүн шарттарына» өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен байланышкан бардык документтерди иштеп чыгыптыр. Окурмандардын эсинде болсо керек, акыркы эки-үч жыл аралыгында «Альфа-Телеком» мамлекеттик ишканасын сатуу боюнча үч ирет тендер жарыяланды. Жаңылбасак, биринде тендерге катышууну каалагандар аз болсо, башкасында таптакыр эле жок болду. Ошондон улам, улам кийинки тендерге бул мамлекеттик ишкананын баасы улам төмөндөтүлүп коюлуп жатты. Акыры тажаганда, мамлекет минтип «Альфа-Телекомду» тендерсиз жана тикелей сатуу кадамына барууга аргасыз болуп отурат. “Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” демекчи, эгер, мамлекет бай болсо, мамлекеттин казынасында экономиканын башка тармактарына түрткү берүүчү капиталдык салымдарды салууга, бюджеттин жыртык-тешигин бүтөгө миллиарддаган каражаттар болгон болсо, “Мегаком” сатылар беле? Албетте, сатылбайт эле. Мына маселе кайда? Мына ушуга окшогон, мамлекет жана экономика, мамлекет жана укук, мамлекет жана адам маселесинен алып карасак, биз талкууга ала турган маселелер жетиштүү.

Быйыл жогорку окуу жайларында бюджеттик орундар толбой калды. Кыргызстандын соңку 26 жылдык тарыхында мындай окуя болгон эмес. Бул эмнеден кабар берет? Демек, мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларында окугусу келбей калды. Себеби, төрт-беш диплому барлар дипломдорун сандыкка салып коюп, өздөрү базарда отурат. Өсүп келе жаткан муун жогорку билим алып, дипломго ээ болгон менен, анын пайдасыз экенин түшүнүп, мына ушул кадамга барып жатышат. Учурдагы абал бүгүнкү күндө билим берүү тармагынын абалы чеке жылытпайт дегенди билдирет. Муну моюнга алыш керек. Бала бакчадан билим берүү академияларына чейин коррупциянын сазына малынып, бардык жерде акча менен иш бүтүп калды. Кеп, мугалимде, окуучуда, мектепте да эмес… Кеп, мугалимге, окуучуга жана мектепке жасалган мамиледе.

Алыс барбай эле, Бишкектин жака-белиндеги жаңы конуштарынын биринин мисалында айталы. Мына, кечээ жакында Алтын-Казык жаңы конушунун жашоочулары Бишкектин мэриясынын алдына митингге чыгышты. “Эмне үчүн?” дебейсизби? Көрсө, алтынказыктык ата-энелер балдарын өздөрүнө кошуна Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепке киргизе албай кыйналып жатыптыр. «Анткени биздин каттообуз жок. Электр энергиясы бар, бирок бат-баттан өчүп турат. Ошондой эле суу маселеси боюнча Бишкек шаарынын мэриясына келип, маселебизди чечип берүүнү суранабыз», – дешет ыйлактаган алтынказыктыктар. Мектепти айтпайлы, Кудайга шүгүр, Кыргызстанда суу мол, энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик деп жатабыз, анан алыска барбай эле Кыргызстандын борбор калаасынын колтугунан “суу жок”, “свет жок” деген нааразылыктар айтылып жатса, Аллаң оозунан түшөбү, же жокпу. Айтор, абсурд нерселер четинен жолугат. Кечээ эле ким-бирөөнүн социалдык баракчасынан: “Бүгүн Бишкектин так ортосунда жайгашкан 29чу гимназияда болдум. Гимназиянын жетекчилигине кирүү опол тоодой түйшүк экенин өз терим менен сездим. Ошол залда күтүү маалында окуучулардын ата-энелери менен баарлаштым. Ата-энелердин айтуусу боюнча 29чу гимназияда ар бир 1чи класстан 11чи класска чейинки кабыл алынган окуучулар … деген эжеге 20000 сом төлөп окууга алынат экен. КР Баш мыйзамына ылайык КР мамлекеттик билим берүү жайларында бекер, акысыз окутулуш керек! 29чу гимназиянын жетекчилиги КР Баш мыйзамына шек келтирип жаткан жокпу?” – деп жазыптыр. Мына маселе кайда? Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында: “4-августтан 10-августка чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш борборуна шаар тургундарынан 900 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 180 кайрылуу. Катталган арыз жана кайрылуулардын ичинен 94 кайрылуу аткарылды”, – деп жазылып турат. Мунун канчасы билим берүү тармагына тиешелүү болду экен?

Арактан алыстоонун жалгыз жолу – ага тыюу салуубу?

Ушуга окшогон, жалпы улуттук, улут келечегине байланышкан маселелер кыйчалыш турса, отуздан жашы ашып калса да, өзүн бала ойлогон айрым бирөөлөр: «Биз, жаш муунбуз” деп опурулуп жатса, аябай күлкү келет экен. Орустун улуу акыны М.Лермонтов болгону 27 жашында дүйнөдөн өткөн. Бирок, ал өзүнүн артында дүйнөлүк адабияттын алтын казынасын байыткан асыл мурастарды калтырды. Андай мисалдар кыргыз тарыхында деле кездешет. Манас бабабыз жер бетине чачырап кеткен кыргыздын башын бириктирип, кыргыз каганатын түптөгөндө солкулдаган жигит курагы болгон. Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов жана анын муунундагылар Кара кыргыз автоном областын, соңку тарыхтагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздегенде 25-30дун тегерегинде болушкан. Бирок, алар өзүн эч качан жаш деп айтышкан эмес. А азыр болсо, баралына келип, ак менен каранын, акыйкаттык жана карандай калптын, алдамчылык менен шылуундуктун, коррупция менен криминалдын айырмасын ажыратып калгандар көздөрү алачакмактап, бирөөлөрдүн айдагында жүргөнүн, жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап жатканын көргөндө, шуу үшкүрбөстөн башка арга жок.

Эски муундагы саясатчылар да, жаңы муундагы саясатчылар да келет-кетет, а мамлекет, эл калат. Мамлекет жеке саясатчылардан да, алардын амбициясынан да жогору турат. Кыргыз элин бирдиктүү эл кылам деп, ооматы бийик, дөөлөттүү мамлекет кылам Манас бабабыз душмандын колунан жарадар болуп, каза тапкан К.Тыныстанов, Ж.Абдырахманов, Б.Исакеев баштаган кыргыздын асылдары репрессияга учураган. Кыргызстандагы бүгүнкү реалдуулукту алалычы. Алыс барбай, президенттикке талапкерлерди алалы. Акыркы маалыматтарга таянсак, 60 чукул талапкердин 46сы мамлекеттик тил боюнча тест тапшырып, бешөөсү жетиштүү балл топтой албагандыктан, сынактан өтпөй калыптыр.

Президенттикке талапкерлердин бешөө – мамлекеттик тилди, өз эне тилин билбейт экен. Эгер тил билбесе, анан кайсы арына президенттикке талапкерлигин коёт десең. Бул деген күлкү да эмес, президенттик кызмат ордун шылдыңдоо эмеспи. Мамлекеттик тил сынагынан 60-70-80 пайыз алгандардан деле көп нерсе үмүт этпесе болот. Мамлекеттик тилди сыйлабаган адам мамлекетти сыйлатып жарытпайт. А мамлекетти сыйлабаган адам кантип мамлекетке башчы болот? Биз эртең кимдерге добуш берген жатабыз? Мына маселе кайда?

Элде тил билбесең, тиш сынат деп бекер айтпайт. Өнөр алды кызыл тил. Эгер тил өнөр болсо, адамды өргө көтөргөн руханий кубулуш болсо, аны социалдык баракчаларда ушак айтуунун, курулай акылдуусунун, ким бирөөлөрдү жамандап, абийирине шек келтирүүнүн, каргыштын, кайым айтышуунун куралы айландырганыбызга, президенттикке кызматка аттанып жатып ошол мамлекеттин мамлекеттик тилин билбегенибизге жол болсун.