Бишкек-Токмок унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болду

Бишкек-Токмок жолунда эки унаа кагылышып, эки адам аял жана баласы каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат 8:00 унаа жолдун 41-чакырымында болгон. Nissan унаасынын айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Audi-100 унаасы менен кагылыша кеткен. Кырсык болгон жерден 37 жаштагы Audi-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана анын 68 жаштагы апасы каза болгон.

Nissan унаасынын 29 жаштагы айдоочусу алган жарааттарынан улам ооруканага жаткырылды. Милициядан билдиришкендей, ал мас абалында болгон.