Жалал-Абад шаарында шайлоого үгүт иштери башталды

8-майдан тарта Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоого үгүт иштери башталганын аймактык шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Буга чейин шайланып келген 7-чакырылыштын депутаттары, коалиция түзө алышпагандыктан март айында өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алышкан. Анда шаардык кеңеш КСДП, «Ата Журт», «Республика — Ата Журт», “Өнүгүү — Прогресс” жана «Кыргызстан» фракцияларынан куралган болчу.

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо 28-майда өтөт. Ага КСДП, «Ата Журт», «Республика», “Өнүгүү — Прогресс”, «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана» Бүтүн Кыргызстан» партиялары катышып жатат.