Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: Мага бирөө телефон чалып: «Сиз келечектин президенти менен сүйлөшүп жатасыз…» – дейт

– Топчуке, акыркы жылдарда Кыргызстанда президенттикке 60-70тен адамдын өз талапкерлигин коюусу адат болуп калды. Алардын арасында ысымдарын эч ким билбеген бош жүргөндөрдөн тартып, пенсионерлерге чейинкилер бар. Мамлекет башчысын шайлоону мындай клоунадага айландырбастан президенттикке талапкерлерге жок дегенде мамлекеттик

органдардагы бөлүм башчыларды, статс-катчыларды тандагандай квалификациялык талаптарды, сынченемдерди киргизсе болбойбу?

Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы, хирург-проктолог Ызакжан БЕКТЕНОВ: «Эмгекке жарамдуу адамдардын көбү геморрой менен жабыркап келишет»

– Баш мыйзамга ылайык соттолбогон, аракетке жөндөмдүү делген 35 жаштан 70 жашка чейинки Кыргызстандын тургундары президенттикке талапкерлигин коё алышат. Бирок, бизде андай ашкере либералдуулуктан пайдаланып президенттик шайлоону оюнга айландырып жибергендер болууда. Бул өтө жаман нерсе. Бизде иш таппай үйүндө бекер отургандар, Чым-Коргондо дарылана тургандар, активдүү ишке жарабай ден соолугу начарлап, алсырагандар деле президенттикке талапкерлигин коё беришет. Ошондуктан Баш мыйзамга, Президент жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Ага сөзсүз квалификациялык талаптар камтылышы керек.Талапкерлерден мамлекеттик тил боюнча гана эмес, мамлекеттик курулуштун түзүлүшү, маданияттын жана эл аралык мамилелердин негиздери, макроэкономикалык көрсөткүчтөр, ИДП, бюджет сыяктуу ж.б. нерселер боюнча да экзамендер алынып, сөзсүз ден соолугу текшерилүүсү зарыл. Болбосо ысык-сууктары ашынып, кулактарына өзүнөн өзү бир нерселер угулгандар деле “мага асмандан мындай аян келип жатат” дешип, айрым башкалары теледен эки-үч жолу көрүнүп калуу үчүн деле талапкерликтерин коюп жатышпайбы. Менимче, өлкө башчылыгына негизги талаптарга жооп бере турган, мекенчил адам келсе, Кыргызстанды 3-4 жылда эле оңдосо болот. Кыргызстан калкылдаган Кытай же Россия эмес, биздей чакан өлкөнүн экономикасын, социалдык чөйрөсүн заманбап 2-3 чоң ишкана эле алга сүйрөп кетет. Ошон үчүн президенттикке тажрыйбасы бар, ден соолугу мыкты, жок дегенде бир мөөнөткө чаалыкпай иштей турган, жаман нерселерге аралашпаган, эл чарбасын жакшы билген адамды тандашыбыз керек.

– Сиз саясатсыз тура албаган адамсыз. Талапкерлерди көңүлүңүздө нечен ирет калчап, андай адамды эбак эле тандап койгондурсуз?

– Эки айдан бери кулагым тынчыбайт. Өткөндө жети адамдын менин үйүмө 5 кило ун көтөрүп келип, бир талапкердин атынан айт майрамы менен куттуктаганы социалдык тармактарга чыкты. Мындан он күндөй мурда үйдүн телефону чырылдаганынан ала койсом, бирөө: “Сиз Кыргыз Республикасынын болочоктогу президенти баланча менен сүйлөшүп жатасыз”, – дейт. Тамашалап жаткан экен деп, унчукпай тыңшап калсам, дагы ошону кайталайт. Мени талапкер болгондордун дээрлик бардыгы жыйындарына, чайларына чакырышты, айрымдары өздөрү да келишти. Алардын бирине да барганым жок. Мен аларга; сексенге чыкканы калганда жыйынчогулуш болуп, анан чай-пайлары берилген жерлердин бардыгына бара берген дүжүр чал болбоймун, чайын берсе да, бербесе да өзүм тандаганга гана добуш беремин, мени бирөөгө үгүттөйм деп убара болбогула деп ачык эле айттым. Талапкерлерди каттоо жакында эле аяктады, бирок тилекке каршы, айрым талапкерлер тымызын кыйыр түрдөгү үгүт иштери түгүл, добуштарды сатып алууга болгон чай-пайларды берүү, азык-түлүктөрдү, акчаларды таркатуу сыяктуу аракеттерин эки ай мурда эле башташкан. Аны мен мындан жыйырма күндөй мурда БШКнын жетекчисинин орун басарына да айткам.

– Алдыдагы президенттик шайлоолордун таза өткөрүлүүсүнө ишенесизби?

– Бийликтегилердин президенттик шайлоону таза, калыс, ачык өткөрөрүнөн шектенгенге менде негиз жок. Аракеттеги Президент чыр-чатаксыз шайлоону өткөрүп, урмат сый менен пенсияга кеткиси келет. Бирок, шайлоонун таза өткөрүлөрүнө ишенбеймин. Анткени, шайлоочулардын 20-30 пайыздайы Акаевдин мезгилинен бери эле өз добуштарын сатканга көнүп алышкан. Айрым шүмшүктөрдүн бир эмес, үч-төрт талапкерге добуштарын сатып, “мен сиз үчүн гана иштеймин,сизди гана колдоймун” деп бардыгын алдап, ыймандарын да жалмап жибергендерин да көрүп жүрбөйбүзбү. “Үйрөнгөн адат калабы…” дегендей, алар бул жолу деле өз добуштарын сатууга аракеттенишет. Же элестүү айтканда, добуш ээлеринин бир бөлүгү соодалашканга даяр, акча сунуш кылчу клиенттер чыкса эле баары эле кайра кайталанганы турат. Алар органдарга кармалып камалгандан башка эч нерседен коркушпайт. Иш жүзүндө алардын бардыгын көзөмөлдөө да кыйын, бирок БШК, жергиликтүү участкалык комиссияларда отургандар, коомчулук андайларга жол бербөөгө аракет кылуулары зарыл.

– Сиз жакында Якутияга барып келипсиз. Ал жактан кандай таасирлер менен кайттыңыз?

– Ушул жылдын 6-7-июлунда Якутияда “Дүйнөлүк эпостор Олонхо (жакуттардын элдик оозеки чыгармаларынын түрмөгү) жеринде” деген темада 13 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык конференция өттү. Азыркы саха якуттардын мурдагы аты – курыкандар. Алар кыргызга тилдик, маданий жактан аябагандай жакын. Конференцияга Якутиянын президенти өзү жетекчилик кылды, ЮНЕСКОнун баш катчысы Ирина Бокова баштаган көптөгөн белгилүү инсандар катышты. Ага мен да катышып, баяндама жасадым. Менин ал жактан байкаганым: жакуттарда улуттук ар намыс, аң сезим аябагандай күчөп, өздөрүнүн тилине, руханий дөөлөттөрүнө, салтына кайрылуу жүрүп жатыптыр. Мурда жакуттардын атыжөндөрү орусташып, көбү эне тилинен, маданиятынан алыстап кетсе, азыр жаңы төрөлгөн наристелердин бардыгына ата бабаларынан калган ысымдарды гана коюшат экен. Алар Олонхону алда качан эле ЮНЕСКОнун тизмесине киргизишсе, эми Якут шаарынан 25-30 чакырымдай жогорудагы адамдын колунан жасалганга окшогон “Ленадагы кадалар” деп аталган аска таштарды киргизгени жатышыптыр. Бир сөз менен айтканда, тектеш элде улуттук кайра жаралуу жүрүп, Якут шаарын дүйнөлүк эпостордун борборуна айландырууга аракеттенип жатышкандыгы мени аябай сүйүндүрдү.

– Топчуке, сиз мурда жаалдуу саясатчы болсоңуз акыркы жылдарда андан өткөн “Манасманга” айландыңыз. Институтуңузда кандай жаңылыктар болуп жатат?

Назгүл АКУНОВА, ырчы: «Ийилдим, бирок сынбадым»

– Мен туптуура мындан беш жыл мурда жүгүрүп жүрүп, И.Арабаев атындагы университеттин курамында Манас таануу институтун ачтырганмын. Анткени, цивилдүү өлкөлөрдүн бардыгында өздөрүнүн улуттук рухий туу чокуларын терең үйрөнүп, изилдеп, тарката турган борборлору бар. Адегенде эле студенттерге терең билим берип, сапаттуу илим изилдөө иштерин жүргүзүүнү максат кылсак, өткөн беш жылда көп эле иштер аткарылды. Үч адам илимдин кандидаты болду, бир адам докторлугун жактады. Азыр 2 изилдөөчү докторлугун, 2 адам кандидаттыгын жактаганы турушат. Мен “Байыркы көчмөн цивилизациясы” деген темадагы докторлук диссертациямды талкуудан өткөрдүм. Бул окутуучуларыбыздын кесиптик сапаты жөнүндө. Ал эми бизде окуу куралдары жетиштүү. Былтыртан бери бүтүрүүчүлөрүбүздү чыгаруудабыз. Алар жөнүндө пикирлер абдан жакшы.“Манас ааламы” деген илимий журналды ачып, аны үзгүлтүксүз чыгарып келе жатабыз, жакында аны ЖАКка каттатып, эл аралык деңгээлге чыгарганы жатабыз. Ал деген журналга чыккан макалалар эл аралык деңгээлде илимий материалдар катарында таанылат дегенди билдирет. Мен өзүм болсо дүйнөдөгү “Манас” боюнча чыгарылган макалалардын бардыгын чогултуудамын.

Сталиндик мезгилде СССРдеги 5-6 этностун негизги эпосторуна табу жарыяланып, басууга тыюу салынган. Бизде да “Манаска” карата андай аракеттер болгон, эпос пантюркисттик, исламдык идеяларды жактаган чыгарма деген дооматтар коюлган. Ал маселе боюнча 1952-жылы Фрунзеде союздук илимий конференция өткөрүлүп, эпосту эмне кылуу керек?-деген маселе коюлганда аны кыргыздын эки улуу инсаны И.Раззаков менен Б.Юнусалиев сактап калышкан. Ал конференциянын материалдары 66 жылдан бери архивде жаткан экен, аны мен чоң китеп кылып чыгарттым.

– Мында наркы максаттарыңыз кандай?

– Мен былтыртан бери биздин окуу жайдын базасында “Манас” академиясын ачуу маселесин коюудамын. Анын негизги максаты- “Манас” эпосун бүткүл дүйнөгө таанытуу болушу керек. Ал максатта академияда “Манасты” ж.б. элдик оозеки чыгармаларды англис, немис, француз, испан, араб ж.б. негизги тилдерге которуучу котормочулар, изилдөөчүлөр даярдалуусу зарыл.”Манастын” айрым варианттары орус тилине которулган, бирок сапатында мүчүлүштүктөр бар. Кытайда Жусуп Мамайдын вариантындагы 18 тому ханзу тилине которулууда. Биз азырынча грузиндер Шота Руставелини, финндер “Калеваланы” көтөрүшкөндөй, биз “Манасты” дүйнөлүк деңгээлге чыгара элекпиз. Ал үчүн көп күч аракеттер талап кылынат, сериялардан турган кино да тартылуусу керек.

Дүйнөлөшүү процесси күндөн күнгө күчөөдө. Анын жакшы жактары канча болсо, жаман жактары да ошончо. Мындан беш-алты жыл мурда БУУнун ошол учурдагы Баш катчысы Пан Ги Мун интернетке бир макаласын чыгарып, 40-50 жылдан кийин дүйнөлөшүү процессинде майда элдердин көпчүлүгү жок болуп кетет деп, алардын арасына кыргыздарды да кошуп кеткен. Кыргыздар бай тарыхында 11-12 геноцидди башынан өткөргөн.Эми билермандар кыргыздар геноциди жок эле башкаларга аралашып, сиңишип жок болуп кетет деп жатышат. Мен сунуштаган академия мына ошол эл сактоо милдетин да аткармак. Анткени, элди этникалык бир кыртышка бириктирип тургандар: тил, маданият, тарых, каада салттар эле. Ошон үчүн эл болуп тарыхыбызды уланткыбыз келсе, улуттук маданий дөөлөттөрдү жаранамалоодон эч нерсени аябоо керек. Ал мамлекеттик саясатка, идеологияга айландырылуусу зарыл.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ

One thought on “Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: Мага бирөө телефон чалып: «Сиз келечектин президенти менен сүйлөшүп жатасыз…» – дейт

Комментарии закрыты.