24-августка карата аба ырайы

24-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Алай өрөөнүнүн батыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°,  күндүз 27…29°.