Айсулуу Тыныбекова коло медалды багындырды (видео)

Францияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер арасында 58 килограммга чейинки салмакта күрөшүп жаткан Айсулуу Тыныбекова үчүнчү орунга ээ болуп, коло медал тагынды. 23-августта ал коло байге үчүн бетеште кытайлык Ниңниң Жун (Ningning Rong ) менен таймашып, 6:5 эсебинде жеңишти камсыздады.

Буга чейин 1/8 финалда германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо Аденийи менен таймашып, 4:3 эсебинде жеңишти камсыздаган. Жарым финалда тунистик Марва Амри менен таймашып, 7:8 эсебинде утулуп, алтын байге үчүн күрөшкө чыкпай калды.

Коло байге үчүн кытайлык балбан менен болгон күрөш  

Бул салмакта АКШ өкүлү Хеллен Луис Маролис алтын медал тагынды. 2-орунду тунистик Марва Амри ээледи. Дагы бир коло байгеге канадалык Мишел Кристина Фазари ээ болду.
Айсулуу Тыныбекова чоңдор арасында Азиянын эки жолку чемпиону. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Тыныбековадан сырткары Кыргызстандан катышкан  Назира Марсбек кызы жана Айпери Медет кызы мелдештти байгесиз жыйынтыктады.

Ал эми бүгүн, 24-августта Мээрим Жуманазарова 69 кг. салмакта күч сынашат. Ал алгач монголиялык Насанбурмаа Очирбат (Nasanburmaa OCHIRBAT) менен таймашат.