Төрөбаев талапкер болуп катталды

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер болуп расмий катталды. Ага талапкер күбөлүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.

Маалыматка ылайык, Төрөбаев 72 миңден ашуун кол топтоп БШКга тапшырган. Анын 4 миңдейи жараксыз деп табылган. Тил сынагынан 71,8 упай алган.

Буга чейин “Ак-шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, КСДПдан Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп расмий катталган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.