Террордук топтун мүчөлөрү деген шек менен милицияга тапанча такагандар изделүүдө

Бишкекте белгисиз топ изделүүдө. Алдын ала айтылган маалымат боюнча алар террордук топ болушу мүмкүн. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.

Бейшембиге караган түнү саат 01:20да Ауэзов көчөсүндө Кайгуул милиция кызматкерлери Nissan Presage унаасын токтотушкан. Анын ичинде төрт адам болгон.

Инспекторлор унаанын арткы орундугунда отурган кишилер тарапка келгенде терезеден бирөөсү тапанча такаган. Милиция кызматкерлери унаа менен алардын жолун тоскондо дагы бирөөсү граната алып чыгып, жол ачылбаса баарын жардырып жиберерин айткан. Бул жагдайдан улам милиционерлер жолду ачууга аргасыз болушкан.

Артынан куугунга түшкөн инспекторлордун аракетинин натыйжа болбой, учурда качып кеткендерге издөө жарыяланды.

Nissan Presage айдоочунун документтери милиция кызматкеринде калган. Андагы дарек боюнча эч ким табылган эмес.

Кийинчерээк изделип жаткан S8191AG мамлекеттик номерлүү унаа Көк-Жар конушундагы Кулмырзаев көчөсүнөн табылган. Бир терезеси талкаланып, салондон мобилдик телефон менен экстремисттик маанайдагы китептер алынган. Саперлер унааны текшеришип, жардыруучу заттарды табышкан эмес.