Айтурган САТИЕВА, диктор: «Кыргыздар мурда: «Диним ислам, улутум кыргыз – деп эле жашап келген»

Телекөрүүчүгө алгач алып баруучулар көзгө урунат. Алып баруучулук кесип татаал, жоопкерчиликтүү. Ал эми андан татаал дикторлук кесип. Ал абдан катуу даярдыкты, талантты талап кылат. Жаңылыктарды окууда шаңдуу жаңылыкты шаңдуу, олуттуусун ошого жараша жеткирип берүү үчүн өзгөчө чеберчилик керек. Мындай сапаттардын ээси, бир канча жылдар бою экрандын жүзү болуп, учурда жеке чыгармачылык менен алектенип жаткан, экрандан сүрдүү жана олуттуу көрүнгөн, ал эми жашоодо ар дайым жөнөкөй, жылдыздуу Айтурган Сатиева биздин маек төрдүн коногу болду. Каарманыбыз экрандан тышкары социалдык тармактарда адамдын өнүгүүсү, улуттук баалуулуктар жана башка көптөгөн темаларда өз пикирлери менен бөлүшүп келет. Дал ушул чыгармачылык, экрандагы жашоо жана башка тууралуу кеп учугун улайлы. 

– Саламатсызбы! Акыркы кезде чыгармачылыкта эмне жаңылыктар болуп жатат? Сизди китеп чыгарды деп уктук…

– Саламатчылык! Чыгармачыл адаммынбы деген суроого жооп таппай келем. Ал эми китеп боюнча – бул котормо. Белгилүү америкалык журналист, философ Наполеон Хилдин “Думай и богатей” деген китебин которуп көрбөйсүзбү деп басмаканалардын биринен сунуш түшүп калды. Ошону бир айдан ашык убакыт ичинде которуп, басмаканада басылып чыгып, Бишкек шаарында жана аймактарда сатылып жатат. Андан башка чыгармачылыкта эч кандай жаңылык жок. Анткени, телевидениеде бир жылдан бери иштебей элемин.

– Телевидениеден эмне себептер менен кетип калдыңыз?

– Акыркы жолу ЭлТрде иштедим. Ал жактан кетишиме эч кандай бир курч окуя себеп болгон жок. “Устат” деген академиябыз бар, билсеңиз керек. Ошол жактагы иштер жана андан башка бир үй-бүлөлүк себептер болуп, анын үстүнө көптөн бери жарым жылдай эфирден эс алып турсамбы деп жаткам. Бирок, ортодон котормолор чыгып, эс алуум узарып кетти. Андан тышкары англис-орус-кыргыз транскрипциясы менен сүйлөшмө иштеп чыктык. Кудай буюрса, ал дагы басылып чыгуу үстүндө. Төрт-беш кыздан турган котормо агенттигибиз бар. Ал жакта жарнамалык тексттерди, кыска мультфилимдерди, ар кандай иш чаралардын сценарийлерин, түрдүү документтерди айтор ар кандай тексттерди англисче, немисче, орусча, түркчөдөн жана тескерисинче которуп келебиз. Мунусунда балдар үчүн жомокторду которуп көрсөкпү деп белсенип жатабыз. Бул китептердин өзгөчөлүгү жомоктор бир эле китепте орус, кыргыз жана англис тилинде болот.

Назгүл АКУНОВА, ырчы: «Ийилдим, бирок сынбадым»

– Демек сизди жакынкы учурда экрандан көрө албайбызбы?

– Жогоруда айтып кеткен иштерден тышкары Түркияда магистрлигин жактап жүргөн теолог Уланбек Ашырматов деген жигиттен азыркы учурда талаш, коомдогу чоң ажырымды жаратып жаткан салттуу исламдын бурмалануусу, теңирчилик, иегово же ж.б. көптөгөн диний секта, агымдардын учурдагы биздин коомго тийгизип жаткан таасири, ат үстүндө жашоосун өткөргөн кыргыздын ислам динин кабыл алганына 14 кылым болуп, карапайым калктын жашоосунда суудай сиңип эле келе жаткан дин, азыр эмнеге оркоюп чыгып калды? Эмнеге учурда биз таанып, билген исламдын башкача бир көрүнүштөрү жайылууда? Бул туурабы? Негизи эле диндин адам жашоосундагы орду кандай болгон жана болуусу керек? – деген сыяктуу курч, учур талабы болгон көптөгөн суроолордун үстүндө ой толгоп, илимге таяп, жаш илимпоз баланын айтайын деген ойлору бар. Бул багытта биригип, тарыхчы, тилчилер менен биргеликте бир китеп жазсакпы деген сунуш түшүүдө. Менимче бул нерсе абдан керек. Анткени кыргыздар мурда, диним ислам, улутум кыргыз — деп эле жашап келген. Бул көлөмдүү долбоор менен алектене турган болсок, жакын арада телевидениеге кайтпай калат окшойм. Себеби, пландалбаган жакшы иштер болуп жатат. Бирок, убагы келгенде телевидениеге кайрадан кайтам деп ойлойм.

– Жогоруда теңирчилик, ислам тууралуу сөз кылып калдыңыз. А чынында коомдо ажырым жаратып жаткан бул эки нерсенин келип чыгышы эмнеден улам деп ойлойсуз?

– Ажырымдын пайда болуусунун бир нече себептери бар. Негизгилери, бизде мамлекеттик идеялогиянын жоктугу, билим берүү деңгээлинин жылдан жылга төмөндөөсү, исламга болгон дүйнөлүк туура, туура эмес көз караштардын мурдагыдан жеткиликтүү болушу, экономикалык жакырчылык. Бул факторлор акырындык менен жолго түшүп, коомубуз гүлдөп өнүккөн мамлекетти түзөт деп ойлойм. Анткени кыргыз дээринен пакиза калк. Аруулук бар жерде гана жашап, калыстыкты сүйүп, эркиндикти туу туткан эл. Андыктан азыр, биз электебиз десек болот. Эленип отуруп, убакыттын өтүүсү менен калыбына келет.

– Бул нерселерден арылууга эмне тоскол болууда жана канткенде жогоруда сиз санап өткөн көйгөйлөрдөн кутула алабыз деп ойлойсуз?

– Тоскоолдуктар кайра эле келип өзүбүздүн, элдин демократияны туура эмес кабыл алуусунда. Тактап айтканда демократия дегенди «өзүмчүлдүк» деп түшүнүүсү. Ошол эле убакта мамлекеттен СССР убагындай бир нерсе күтүп отура берүүсү, жеңил оокатка көнүгүшүп, анын арты менен айрым улуттук баалуулуктарыбыздын жоголуусуна кептеп жатышыбыз же тескерисинче сырттан башкалар таңуулаган нерселерди, ойлонбой эле соңуркап жасап жатышыбыз. Ал эми агын суудай болгон калкты жаманынан коргоп, жакшысын колдоп, бир багытка багыттап туруучу органдардын иштебей жатышы. Руханий байлык, демек элдин агаруусун, патриоттуулук сезимин, жан дүйнөсүн ойготуучу маданияттын тебелендиде калышы, сырттан келген ар кандай максаттагы: диний, согуштук, атеисттик, жыныстык түрдүү көз караштардын же болбосо дагы башка толгон, токой идеялогияны өзүнө камтыган, тигил же бул тараптар тиешелүү көзөмөлдөнбөй, өлкөгө эркин өз максаттарын жайылтып жатуусу жана ошол эле жалкоолук башкы тоскоолдуктар. Албетте, жогоруда айтып кеткендей бул терс көрүнүштөрдөн арылабыз. Аз да болсо азыр буга кадамдар ташталууда. Четтенби, ичтенби окуган билимдүү, зээндүү, мекенчил жаштарыбыз акырындык менен көбөйүүдө жана бул көйгөйлөрдүн үстүндө ар ким өз алдынча аракеттерин көрүүдө. Албетте, дагы да болсо жалпы мамлекеттик деңгээлде жылыштар бар дегенге эрте, бирок кубантаарлыгы токтоп турган жокпуз. Ал эми кутулуу жолу ушул мен санап өткөн башкы тоскоолдуктардын тескерисин жасап, мисалы: ар бир жаран кайдыгер болбой жоопкерчиликтүү болуп, жалкоо болбой эмгекчил болуп, ынтымактуу болуп, адам деген ар бир затты өзүңдөй сыйлаганды адатка айлантып, ал эми бул нерсеге түздөн түз жоопкерчиликтүү болгон эл башындагылар напсини тыйып, тарыхты карап, келечекти ойлоп, карынды коюп, карыны ойлоп, жегенди коюп, жаштарды ойлоп, алтынды коюп, акынды ойлоп, жакынды коюп, жалпыны ойлоп, азыраак ойноп, көбүрөөк иштеп калганда кутулабыз.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: Мага бирөө телефон чалып: «Сиз келечектин президенти менен сүйлөшүп жатасыз…» – дейт

– Кайрадан сизге кайтып келсек, жашоодогу Айтурган менен экрандагынын айырмасы канчалык?

–Айырма абдан чоң. Анткени экранда жаңылыктар болгон үчүн сүрдүү, каардуу көрүнөсүң деп айтышат. Ал эми жашоодо андай эмесмин. Эсимде жок бир сүйлөмдү күлбөй сүйлөгөнүм. Тетирисинче мени кичинекей кезимде күлкүчү кыз дешчү. Анан экрандагыдай көлөмдүү деле эмесмин (күлүп) экранда ошондой көрүнөсүң деп айтышат. Текебер, бой көтөргөн адам катары көрүнөт экенмин, а жашоодо такыр андай эмесмин. Башкача айтканда экөө эки башка адам десем болот.

– Сизге такыр берилбеген кайсы суроого жооп бергиңиз келет?

– Бул суроо бир аз татаал экен. Анткени, өзүмө суроо берип өзүм жооп берүү оюма келбептир. Ошентсе дагы көптөр диктор болуу оңой. Анткени, текстти эле окуп коесуңар деген сөздөрдү угуп калам. Ооба, даяр текстти окуп коюу анча оор эмес болгону менен, катардагы көрөрман билбей турган көп оорчулуктар бар. Дайым өзүңдү эфирге даяр алып жүрүшүң керек. Маанай жок, уйкуң канбаган боюнча эфирге чыгып кете албайсың. Ошондой эле ар бир жаңылыкты окуудагы жоопкерчиликтер, форс-мажорлук учурлар болот. Аларды эптеп кетүүң керек. Муну менен катар эле, текстти бир жагынан окуп, экинчи жагынан режиссерду угуп жетише билүү абзел. Ошондуктан дикторлук кесип оорбу деген суроого, ооба, бул кесип аябагандай оор деп жооп кылгым келет.

– Эл көзүндө жүргөн соң бут тосуу, көрө албастык сыяктуу оорчулуктар да бар болсо керек?

– Жок, баары эле сонун деп айтуу туура эмес болоор. Андыктан, бардык эле жамааттарда боло жүрүүчү түшүнбөстүк, талаштартыштар болуп турат. Бут тосуулар да болбой койбойт. Ал эми ар кимдин өз инсандык деңгээлине жараша.

One thought on “Айтурган САТИЕВА, диктор: «Кыргыздар мурда: «Диним ислам, улутум кыргыз – деп эле жашап келген»

Комментарии закрыты.