Колдогунун баары конокторго

2016-жылы Көчмөндөр оюну өткөн жаңы ат майданда жайкы сезондо туристтер үчүн маданий иш-чаралар уюштурулуп турат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, көлгө эс алып келген туристтер үчүн кечинде барып эс алып, чер жазуучу жерлер жок болгондуктан, туристтер үчүн кечкисин маданий, чыгармачыл иш-чараларды өткөрүп туруу каралган. Концерттик иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк ырчылар, КВНчилерин жана жергиликтүү ырчы-бийчилерди чакырылмакчы.

Ысык-Көлдө туристтик сезон 7-майда расмий ачылды.