Кытайдагы универсиадада Дарья Маслова алтын медалды багындырды

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытайда өтүп жаткан дүйнөлүк универсиадада алдын медалды багындырды. Бул тууралуу маалымат мелдештин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аялдар арасындагы 10 миң чакырым аралыкта 17 катышуучусунун арасында кыргызстандык Маслова болгон. Ал дистанцияны 33 мүнөт 19,27 секундда чуркап өткөн. Мындан тышкары, аталган аралыкты 13 спортчу чуркап өтүп, марага келишкен. Коло медалды Индиялык спортчу Садживан Джадхава, үчүнчү орунду Япониялык Ай Хосода алды.