Көк бөрү: Кыргызстан Тажикстанды 15:2 эсебинде утту

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча биринчиликте Тажикстанды 15:2 эсебинде утту.  Мунун натыйжасында Кыргызстан аталган турнирдин финалдык бөлүгүнө, кийинки турдун жыйынтыгына карабастан чыкты.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Монголиянын курама командасын — 4:0 эсебинде, Өзбекстан курамасын – 11:2, Түркияны – 13:3 эсебинде жеңген.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.