Кара-Балта дарыясына 2 тонна мазут төгүлдү

Бишкек-Ош унаа жолунда “Джунда” компаниясынын эки жүк ташуучу унаасы кагылышып, Кара-Балта дарыясына 2 тонна мазут төгүлдү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 82 чакырымында болгон. Артта келе жаткан жүк ташуучунун айдоочусу унааны  башкара албай, алдыда бара жаткан бенвозовду сүзгөн.

Учурда окуя болгон жерде ӨКМнин кызматкерлери иштөөдө.