Мас кыз энесин бычактап салган

Ошто мас кыз энесин бычак менен сайып салган. Натыйжада жарат алган аял көз жумганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-август күнү саат 19:30 чамасында Төлөнов көчөсүндө болгон. Анда спирт ичимдигин ичип отурушкан апасы менен кызынын ортосунда чыр чыгып, кызы апасын бычак менен сайып жиберген.

«61 жаштагы Л.К. аттуу аял алган жаракатынан улам ооруканадан каза болду. Ал эми кылмышка шектүү катары маркумдун 39 жаштагы Н.К. аттуу кызы кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. Айтымында, апасы аны кемсинткенинен дарбыз жеп жаткан бычак менен ич тарапка сайып жиберген «, — депайтылат билдирүүдө.