Мамлекеттик тил эмнеге мамлекеттик боло албай жатат?
“Кыргыз Туусу” басма үйүнүн студиясында кабыл алынганына 33 жыл болсо да эмне үчүн кыргыз тили кыргыздардын мамлекети Кыргызстанда мамлекеттик тил катарында өз функциясын толук аткара албай жатканы туурасында маектешүү болуп өттү. Ага КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, экс-парламентарий Каныбек ОСМОНАЛИЕВ жана “Кыргыз Туусу” гезитинин экс-редактору, элчи жана коомдук ишмер Тилектеш ИШЕМКУЛОВ катышышты.
– Расмий статистикалык маалымат боюнча, калкынын дээрлик 74%ын кыргыздар түзгөн, мындан тышкары кыргыз тилине тектеш тилдүү улуттар да жашаган өлкөбүздө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам эмне үчүн толук кандуу иштебей жатат? Маекти ушундан баштасак.
Т.Ишемкулов: – Мыйзамдын өзүндө кемчилик кетип, анда орус тили да чоң роль ойной турган болуп калган. Мыйзам кабыл алынып жаткан 1989-жылы жетекчилерибиз Москванын көзүн карап турчу эмес беле, ошонун да таасири болгон.
К.Осмоналиев: – Бардык нерсе салыштыруудан билинет. Союз мезгилинде мен илимий иштериме байланыштуу Эстониянын Тарту шаарында жашап калдым. Ал убакта биздин биринчи жетекчибиз Турдакун Усубалиев баш болуп “орус тили – экинчи эне тилибиз” деп жүргөнбүз. Арно деген эстон коллегам: “Бир адамдын бир эле энеси, бир эле эне тили болот” деп мени келекелеп калчу. Жүз миңдей калк жашаган ал шаарда бир эле орус тилиндеги бала бакча бар, ал дагы заводдун ведомстволук бакчасы экен. Орус тилиндеги мектеп жок, баары эстон тилинде болчу. Ошентип эки кичине балама бакча таба албай, Эстониянын илимдер академиясына караштуу эстон тилиндеги бакчага бергем. Ошентип, балдарымдын тили эстончо чыкты. Бул СССР күчүндө турган 1981-1982-жылдары болуп жатпайбы.
Баланын тили кыргыз тилинде чыкса, кийин орус, англис жана башка тилдерди үйрөнүп алат. Азыр бизде кандай болуп жатат? “Ата-апанын” ордуна “папа-мама” болуп чыгып жатпайбы! Бул менин да башымдан өтүп жатат, убагында уулдарымды кыргызча сүйлөтөм деп алардан “жеңилип калдым” эле, эми жок дегенде неберелеримди оңдоюн деп жатам. Бул биз үчүн өзүнчө бир трагедия болуп калбадыбы.
Быйыл 10-майда ушул кызматка дайындалдым. Анан маселенин өңүтүн изилдеп баштадым. Мен Улуттук комиссиянын борбордук аппаратында жалаң кесипкөй адистер иштейт экен деп ойлогом. Андай эмес экен. Ошондуктан ишимди өзүбүздү тартипке келтирүүдөн баштадым.
Бизде “Кыргызтест” деген мекеме бар. Ал, энциклопедия, терминологиялык комиссия былтыр Президенттин жарлыгы менен бизге берилиптир. Энциклопедия менен терминкомдо финансылоо жок, кызматкерлери маяналарын 10 айдан бери алышпаган экен. Мына ушундай маселелер менен алектенип, анан С-1 деңгээлинде тесттен өткөрүп жатабыз. Мен өзүм баш болуп андан өттүм.
Анан мыйзамдык базада да кемчиликтер бар. 2000-жылы кабыл алынган “Расмий тил жөнүндө” мыйзам менен “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын ортосунда карама-каршылыктар бар экен. Ушуну эске алуу менен “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгып, парламентке сунуш кылдык.
Бирок, дароо айта кетсем, мыйзам канчалык идеалдуу болбосун, анын иштеп кетиши ар бир кыргыздан, анын патриоттук сезиминен көз каранды болот эмеспи.
– Сиз Тарту шаарын мисал келтирдиңиз. А бизде ал кезде тес-керисинче болчу. Борборубузда 1 эле кыргыз мектеп болуп, бала бакча болгон эмес. Ал учурда Казакстанда улуттук тил боюнча абал биздегиден да начар болчу. Өз алдынча мамлекет болгондон кийин алар бул өңүттө абдан чоң секирик жасашты. Акыркы жаңылыкты алсак, аларда мектептерде биринчи класста казак тилин гана окутууну киргизүү көп нерсени билдирет…
К.Осмоналиев: – 30-апрелде Министрлер Кабинетинин отурумунда революциялык деп атаса болчудай документ кабыл алыныптыр. Бардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 31-августка чейин иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча протоколдук тапшырма берилиптир. Мен ошону аткаруу үчүн 15 адамдан турган топ менен мониторинг жүргүзүүнү баштадым. 21 күн аралыгында өлкөнүн бардык аймактарында болдук. Негизи аймактарда иш кагаздарынын дээрлик 80%ы кыргызча экен. Бирок, алар айтышкандай, борбордук органдардан жергиликтүү түзүмдөргө иш кагаздары орус тилинде келгендиктен, кайсы тилде келсе, ошол тилде жооп даярдоо керек деген стереотип калыптаныптыр. Биз муну алып салууну талап кылдык.
Кийин ушундай мониторингди министрликтерде улантып, 5 борбордук мекемеде жүргүздүк. Экономика жана финансы министрликтеринде иш кагаздары 90% орусча экен. Саламаттыкты сактоо министрлигинде да ошого жакын. Алар менен талкуу жүргүзгөндө, адистештирилген терминдерди которуунун татаалдыгын айтып актанышат. Мен аларга кеп негизинен кадрлар бөлүмүнүн, бухгалтериянын документтерин, өздөрүнөн чыккан кагаздарды гана кыргызча жазуу жөнүндө жүрүп жатканын айтып түшүндүрдүм.
Бул жагынан мага Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин позициясы жакшы колдоо берип жатат. Ал мамлекеттик тилдин абалын аныктоо боюнча ишти Президенттин аппаратынан баштоону сунуштады. Жыйынтыгын кийин айтабыз. Бирок, азыртан маалымат берип койсом, иш кагаздарын же орусча, же кыргызча жаза албаган, түшүнүктүү бере албаган кызматкерлер да бар экен. Азыр мыйзам долбоору парламентке барганда депутаттардан дагы дооматтар көп айтылат болушу керек.
Кептин баары жапа тырмак мыйзамды ишке ашырууга киришүүдө болуп турат. Негизи мыйзам кабыл алынгандан кийин аны аткаруу гана керек эмеспи! Андан башка жол жок. Азыр ошол иш кагаздарын толук мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча Президенттин жарлыгынын долбоору даярдалды. Бирок, эмнегедир кечиктирилип жатат.
Ушул жерден айта кетсем, Башкы прокурор Курманкул Зулушев иш кагаздарын толук кыргызчага өткөргөндөн тышкары, ведомстволук бала бакчаны да толук кыргыз тилине өткөрүп коюптур. Иштегиси келген жетекчи ушинтип маселени чечип коет.
А башка министрлер, губернаторлор, мэрлер эмне үчүн ушундай ишти жасашпайт? Бишкектеги көрнөк-жарнактарды кыргызчалап коюуга неге болбосун? Кызыгы, мыйзам боюнча, буларды талап кылуу маселеси бизге тийиштүү эмес, а монополияга каршы саясат мекемесине жана мэрияга карайт экен.
Өзүңүз айткандай, казактарда мектептердин менчик формасына, окутуу кайсы тилде жүргүзүлөрүнө карабастан, биринчи класстан баштап бир гана – казак тилин окутууну киргизип жатышат. Себеби, балдардын тили казакча чыксын деп жатышат. Бул туура. Кийин бала каалаган тилин үйрөнүп алат.
Мен депутат кезимде барып көргөн Монголиянын тажрыйбасы да кызык. Аларда биринчи класстан үчүнчү класска чейин 3 предметти – монгол тилин, тарыхын жана математиканы эле окутушат экен. Окуу китептерин ошол биринчи класстын баласы окуй ала тургандай адапта-циялап коюшкан.
– Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү анчалык деле оор эмес. Негизи мекемеде иш кагаздарын жүргүзүүдө белгилүү бир сандагы гана терминдер талап кылынат. Иш кагаздарынын шаблонун да түзүп коюу оор иш эмес. Болгону ошол шаблонду иштеп чыгууда бардык ведомстволор менен мекемелерде бирдей мамиле жасалуусунда турат.
Т.Ишемкулов: – Бул маселенин чечилбей жатканынын дагы бир өңүтүн айтып коелу. Ушунча жылдан бери Улуттук комиссиянын жетекчилигин дайындоодо да туруктуулук болгон жок, финансылык жактан да жетиштүү камсыздалбады.
– Улуттук комиссияга 2015-жылы ири өлчөмдөгү каражат бөлүнгөнү эсимде. Анын кандай пайдаланылганы боюнча коомчулукта суроо жаралып келет.
К.Осмоналиев: – Бернард Шоудан Наполеон жөнүндө пикирин сурашканда, ал: “Наполеон туулбай эле койсо жакшы болмок” деп жооп берген турбайбы. Анын сыңарындай, ошол ири каражат бөлүнбөй эле койсо болмок экен. 340 миллион сом бөлүнгөн экен. Мурда да, кийин да мындай болбоптур. Бирок, аларды пайдалануу көптөгөн суроолорду жаратып жатат.
Бул эмне деген акча! Ар кандай окулбай турган эле китептер, 9 томдук энцик-лопедия чыгарылып, китепканаларга берилиптир. Алардын акчалары азырга чейин дайынсыз. Кечээ аймактарды кыдырганда губернаторлор менен ушул маселенин тегерегинде сөз кылсам, алар бул акча өндүрүлбөй турганын ачык айтышты.
Биз азыр болгону 2 берене боюнча финансыланабыз. Атүгүл имаратыбыз да өзүбүздүкү эмес.
– Биздеги кыргыз тилинин толук кандуу мамлекеттик болбой жатканынын дагы бир себеби – иш кагаздарын жүргүзүүдө кыргыз тилинин орус тилине “тиркеме” гана болуп жаткандыгында. Анткени, документ орус тилинде даярдалып, андан кийин котормочу которуп, кыргызча варианты орус тилиндегинин котормосу гана болуп калаары жашыруун эмес. Ошондон улам, жадагалса, мыйзамдардын котормолорунда терминдер бир беренесинде башка, кийинки беренесинде башка болуп калган учурлар көп кездешет.
Т.Ишемкулов: – Мунун себеби, союз мезгилинде орус тилинин үстөмдүгү болуп, кызматтарга ал тилди билген кадрлар гана коюлуп турганында. Кыргыздын мыкты иш билген жигиттери менен кыздары ушул тилдин айынан кызматтарга көтөрүлө албай калышкан. Бул практика кийин да сакталып калды.
К.Осмоналиев: – Биз бул маселеде анын себептерин иликтебестен, натыйжасы менен гана күрөшүп жатабыз. Себеби эмнеде? Биз мамлекеттик тилди билбеген кишилерди жогорку кызматтарга коюп жатабыз. Мисалы, баягы “советтик салт” менен Бишкек мэринин үчүнчү орун басарлыгына орус тилдүү коюлат. А чынында ал ушул мамлекеттик тилдин куратору, тагдырын чече турган кызматкер да. Анан кантип, ал өзү билбей туруп мамлекеттик тилди өнүктүрсүн? Менимче, бул кызматта тилди мыкты билген адам отурушу керек!
Мени азыр заманбап маселе түйшөлтүп жатат. Азыр санариптик технологиялар жайылып жатат. Азыр көптөгөн өнүккөн тилдер жасалма интеллектке өтүп кетишти. Мисалы, азыр менин сүйлөп жаткан үнүмдү кагазга түшүрүп койчу, кагаздагы текстти окуп, үнгө айландырган технология бар. Биз азыр ушуга киришип, эки этабын жасадык. Азыр семантикалык анализ жасап, синтез кылабыз да, буюрса, бир-эки жыл ичинде киргизебиз.
Ал эмне үчүн керек? Бул мультфильм-дерди тартканга, фильмдерди которгонго керек. Аны азыр жасабасак, дагы 50 жыл артта калабыз. Азыр 30%ыздайын жасадык, а казактарда 50%дай.
А бирок, бул үчүн жогорудан да, коомчулуктан да колдоо керек.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ