28-августка карата аба ырайы
Кыргызгидрометтен билдиргендей 28-август күнү өлкө аймагында күн ачык болот.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй өрөөнүндө абанын температурасы күндүзү 30…35 градуска чейин көтөрүлсө, Таласта 28…33 градус ысык болору айтылды. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы 30…35 градуска чейин жетет. Ысык-Көлдө 21…26, ал эми Нарында 25…30 градус болору божомолдонду.
Бишкекте күн 31…33 градуска чейин ысыса, Ош шаарында 32…34 градуска чейин көтөрүлөт.