Шайлоо-2017: 24 талапкер калды

Президенттик шайлоого катышууну көздөгөндөрдүн саны 24 кишиге чейин азайды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-августта 20 киши кол тамгаларды жана мамлекеттик тил сынагы боюнча сертификат тапшырбаганы үчүн жарыштан четтетилген.

Азыр калгандары тапшырган кол тамгалар текшерилип жатат. Алардын канчасы саясий жарышка катышары шайлоого 35 күн калганда билинет.

Эскерте кетсек, Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.