Көк бөрү боюнча чемпионатта Кыргызстан күмүш медалды багындырды

Астанадагы көк бөрүнүн казакча түрү — көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунда финалга чыккан Казакстан менен Кыргызстан беттешинде казак оюнчулары 4:1 эсеби менен каршылаштарын жеңип алышты.

Мелдештин башындагы он мүнөттө казактар 3:0 эсебинде алдыга чыккан. Андан кийинки таймда Рустам Тыналиев Кыргызстандын эсебине бир улак салып, оюн 3:1 эсебинде уланды. Экинчи бөлүктө казак оюнчулары дагы бир упай топтоп, 20 мүнөттүк оюндун жыйынтыгы 4:1 эсебинде алардын пайдасы менен бүттү.

Натыйжада Казакстан командасы көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду. Кыргызстан экинчи орунду алып, күмүш медалга ээ болду. Үчүнчү орунга Кытайдын командасын 2:1 эсебинде жеңген тажик оюнчулары чыкты.