Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»

(Башталышын бул жерден окуңуз)

Ансайын койколоктоп, башкаларга окшобогон күмүш түстүү жону күн менен айдын жарыгында ого бетер “жылт-жулт” этип кубулуп турчу сулуу жылан андайда өзгөчө жапакеч болуп кетчү. Ак жылан деле боюн ала качканы менен мындай жылуу мамилеге корстон болуп, компоюп калчу. Кызмончоктун качандыр бир так ушул күмүш жондой сулуу жыланга айланарын элестеп, кыялданчу: “Ооба, Бүбү эне эмне, бекер айтыптырбы? Ал жөн эле айткан жок. Билген үчүн айтты. Аны айылдыктардын баары айтканы кыя кетпеген кыраакы, касиеттүү байбиче катары ишенип, сыйлашчу эмес беле. Ал түгүл анын каргышына калуудан, акарат айтуудан коркушар эле. Асылбек менен Сыргачы? Эмнегедир, Бүбү эне тууралуу сүйлөшкөндө Кызмончок менен Жандан жашырып, шыбырашып сүйлөшчү. Жада калса ошол эле Сайра менен Абылайдын өзү Бүбү эненин алдында кайпактап калышар эле.

Кийинки учурларда ушуларды эстеген сайын Жан Кызмончок кайсы бир күнү сөзсүз жыланга кубуларына ишене баштаган. Бүбү эненин: “Эгерде бул кыз ата-эне мээриминен, адамдардын сүйүүсүнөн, ишениминен айрылса, анда…” – дегенин чала-чарпыт болсо да өз кулагы менен уккан. Айрылбаганы кайсы? Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойткон Асылбек менен Сырга жок. “Сүйөм, күйөм” деп алган Бектемирдин деле түрү бузулгандай. Болбосо, Кызмончок алардыкынан жыргаганынан качып чыгып, Жинди-Чапка ыктайт беле? Жандан башка кимиси калды анын? Асанбы?! Каргашадай болуп, кайдан чыга калды бул?! Бирок ал деле

пенде да! Ал деле Бектемирден ашык сүйө алат дейсиңби?! Адамдардын жашоосу өтө татаал, алардын ар биринин көкүрөк-көңүлдөрүндө кыттай уюган жеке мыйзамдары бар. Мына ошол нерсе Асанга деле Кызмончокту сүйүүгө жол бербейт. Анын деле Абылай менен Сайрага окшогон ата-энеси Кызмончокту эле

кабыл ала коёт бекен?! Анын үстүнө Кызмончоктун курсагында Бектемирдин баласы жатса… Демек эл ичиндеги аңыздын чындыгы бар…

Жандын көз алдына койколоңдоп, жанында кетип бараткан сулуу, Күмүш жондон алда канча кооз жылан тартыла калды.  Башта да ошентчү. Ошол элес менен, ошол ишеним менен кубаттанып жашачу. Кыялында эрчишкен эки жыланга баары суктанып карай беришер эле.

Аз эле ирмемдердин ичинде ушунун баарын ойлоп, эми элеки чарчап-чаалыкканын, этинин ачынганын унутуп мемирей түшкөн Жан ургаачы жыландын жылтылдаган сулуу денесинин улам бери бүлкүлдөп жылып келе жатканын байкаган жок. Күмүштүн жылмакай тулкусу – мунун жону ылдый жумшак сылай сыдырылып, сыймаланып бараткан болчу. Бул аны ого бетер магдыратып, башкача бир жагымдуу сезимге жетелеп кетти.

Алсыздана түшүп, кайра эле бат белгисиз бир керемет дүйнө канында ойноп, буга чейинки азап-тозогун унута, бул жашоодо Күмүш жылан экөөнөн башка эч ким, эч нерсе жоктой эндирей түштү. Бул сезим ага тааныш эле…

Ошондон уламбы, бир нерсе жетишпей жаткансый берди. Ал эмне эле? Эстеди! Булактын шылдыры менен баёо, кирсиз, жагымдуу кытылдаган күлкү..! Кызмончок!

Серпиле түштү.

Ошол булак, бакыттан баш айланткан сезимдер менен ошондогу мээримдүү, жумшак колдор анын бүтпөс сагынычына айланып, ошол учурдун кайталанышын күтүү менен, ишеним менен жашап келе жаткан эле да!

Ал булак, ал сезим анын эси –дартынан кеткис болуп калган болчу!

Ар бир жолу энтеңдеп шашып келчү.

Кызмончок болсо анын эмнени ойлоп, эмнени каалап жатканын баамдабай калчу. Атайылап эле ылай кечип, ботала болуп кирдеп алган жыланын сууга узатасынан салып алып, сылап-сыйпап киринтер эле. Ошондогу мээримдүү, назик алакандар…

– Ай-ииий, кебетең кантет? Түш сууга! – деп кыткылыктап күлчү кыз. “Кокус, оюмду билип койсо, жуунтпай коет”, – деп коркконЖан башын булактын түбүнө катып, оюн окутпай “жашынып” алчу… Бир убакта:

– Болду эми, кечке жатып аласың да. Уктап калдыңбы, тур! – дечү Кызмончок анын жоругуна күлүп, жонунан тартчу.

Жан кыйылып жатып суудан араң чыкчу…

Эми да көптү көрүп, көп билип, көп нерсени аңдай баштагандан кийин деле бүт тулку боюн магдыраткан ошол сезимди эңсеп келет. Качандыр Кызмончоктун жыланга айланышын күтүп, жан жыргаткан керемет сезимди

анын алакандарынан эмес, бүтүндөй денесинен сезгиси келет.

Мындай керемет сезимди жалгыз гана Кызмончоктон туям деп жүрсө, эми карабайсыңбы!

Бирок бул ага жакпай кетти! Титиреген куйругу менен жер сабап, ыргып-секирип кетти! Чакчаңдап, Күмүш жыланды эки чайнап, бир жутуп алуучудай титиреңдеди.

Күмүш жылан ызалангандай бир серпилип алып, былк этпей жатып калды. Анын ызалуу кышылдагынан Жан:

– Бир аз кечиккенинде эмне?!. Мен аны өлтүрүп тынат болчумун! – дегенди укту. Кармаш кайра башталчудай, эки жылан сереңдеп баш көтөрө калышып, ачакей тилдерин соймоңдотуп, узакка ышкырышып турушту да, эки жакка ажырап, бөлүнүп кетишти.

***

Бектемирди дарылап, колунан келгенинин баарын жасап, кара терге түшкөн Касен сары жылдыз жымыңдаган маалда гана чекесинин терин арчып, сыртка чыкты. Оозгу үйдө, Сайранын жанында отургандардын ичинен Абылай менен Чынтемир ордуларынан тура кылышты.

– Эмне болду, Каке? Бала кандай? – деди Абылай аны жалдырай тиктеп.

– Жакшы. Кудай оңунан берсе, жакшы, –деди чарчаган, санааркаган Касен. – Балдардан кабар барбы?

– Бар. Баары жакшы, Каке. Асаның аман-эсен… – деп, андан аркысын айта албай мукактанган Абылай Сайраны көрсөтүп: “Байбичемди да карап койчу”, – дегендей ишарат кылып, бөйпөңдөй түштү.

– Асан келдиби? – дагы бышыктап сурады Касен.

– Жок. Тиги Калыс менен Мукан келди.

– Баламчы?! – өзүн кирбиңдей караган көздөрдөн улам бир жаман жорукту сезгендей көздөрү чакчая түшкөн Касен сары отургандарды айландыра карады. – Кана алар?!

– Чакырчы, – деди Абылай Чынтемирге башын жаңсай.

– Ботом, ого бетер үрөйүн учурбай ачык эле айтпайсыңарбы! – деди аңгыча отурган байбичелердин бири. – Балаң аман-эсен, жап жакшынакай эле дейт. Эми жаш да… Жаштык – мастык кылып…

– Байболгурлар, деги айткылачы маалкатпай! Балам эмне мастык кылыптыр?!

– Кызмончокту алам дептир! – улагада отурган Асанбү Касенди аядыбы же укмуштун аягы эмне болуп бүтөт деп чыдамы жетпей кеттиби, тарс жарылып кетти.

Өлгөн немедей “сулк” жаткан Сайранын тизелери бир серпиле түшүп басылды.

Бирок эл күткөндөй Касен сарынын асман-жери аңтарылып кетпей, тескерисинче санаасы тынчып, эс ала түшкөндөй:

– Өх-х! – деп эки ийнин солкулдата узакка үшкүрүп алды. Анын баятан берки чарчаганы да, ичинде букулдаган сары санаасы да ошону менен чыгып кеткендей өңүнө кызыл жүгүрө түшкөндөй болду. Аны карап тургандар буга ого бетер эс-акылдары айран болуп, аңкайып эле карап калышты.

– Кол жууганга суу алып келгилечи, – деди жайбаракат. – Сайраны карайын.

Келиндердин бири чуркап чыгып кетти.

(Уландысы бар)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.