Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Нурбек Жеңиш дайындалды

Нурбек Жеңиш Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нурбек Жеңиш Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп 2014-жылдан бери иштеп келген.

Эске сала кетсек, УБнын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов КРнын вице-премьер-министри болуп дайындалды.