Абдысадыр Турусбековдун ааламы

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр сүрөт музейинде сүрөтчү Абдысадыр Турусбековдун «Жан дүйнө сүрөт жалгашы” аттуу жеке көргөзмөсү өтүп жатат.

КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Абдысадыр Турусбековдун өзүнүн кайталангыс стили бар, мында композиция аркылуу көлөмдөрдүн, түстөрдүн, текстуралардын жана мейкиндиктин өз ара аракеттенүүсү көрсөтүлөт, ошол эле учурда батыш менен чыгыштын көркөм ой жүгүртүүсүнүн көркөм ыкмаларынын терең синтези жүзөгө ашырылат. Сүрөтчүнүн чыгармаларындагы тең салмактуулук жана бүтүндүк түстү жана форманы билгичтик менен колдонуу аркылуу ишке ашат.

Кээде композициянын татаал, бирок кызыктуу түзүлүшү, анын өзгөчө түзүлүшү, түстүү элементтердин иерархиясы менен көркөм ой жүгүртүүнүн өзгөчө стилин жаратат

Көргөзмө 22-сентябрга чейин уланат. Келип кыл калем чебери Абдысадыр Турусбековдун ааламын аралап кетиңиздер.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

0 Поделились