Президент кырсыктан жабыр тарткандардан кабар алат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта  иш сапары менен Ош облусуна учуп келди. Бул тууралуу Президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан  Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун жашоочулары менен жолугушат.

Президент ошондой эле Чоң-Алай районундагы оорукананын ачылыш аземине катышмакчы.